Бүгүнкү замандын талабына ылайк көп жумуштар автоматташтырылып калды. Бирок, биз илгертен келе жаткан ата-бабаларыбыз колго жасап келген буюмдар жок болуп кетпеши үчүн эмне кылсак болот деген суроо менен Кызыл-Сай айылынын тургуну Тургунбек Жаманкулов атага кайрылдык.
Талас шаарынын ардактуу атуулу, аксакал, колунан көөрү төгүлгөн уста.
Тургунбек ата кичинесинен бери жылкыларга кызыгып, улак чаап, саяпкер болгон. Азыркы убакка чейин жашы 70 ке келип турса дагы устачылык менен алектенет. Кыргыздын камчыларын, атка ээр чаап жасап келет. Жасаган камчылары, чапкан ээрлери ар кандай көргөзмөлөргө коюлуп, мактооого татып келет.
Кыргызстанды башка мамлекеттерге даңазалаган бул өнөрдү сактап калуу үчүн аксакал атайын шакирттерин окутат. Тургунбек аксакалдын айтымында байыркы ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан улуттук баалуулуктарыбызды унутта калтырбай аны андан аркы көчкө, кийинки муунга калтырышыбыз керек.
“Азыркы жаштарга айтар элем ушул баалуулуктарды унутпай, мыкты билим алып, биздин мыкты инсандарды эстеп, кыргызды дүйнө жүзүнө таанытышынарга тилектешмин,”- деп сөзүн жыйынтыктады.