Балыкчы шаарындагы «Нуристан балдар борбору» билим берүү уюмунун негизделгенине быйыл 10 жыл толду. Маараке 2023-жылдын 27-май күнү Эсен Думанаев атындагы маданият үйүндө белгиленди.
«Нуристан балдар борборунда» 1-класстан 11-класска чейин 100дөн ашуун окуучулар тарбияланып, билим алып келишет. Билим берүү уюму эркек балдарды окутат жана аларга ылайыктуу шарт түзүлгөн жатакана бар. Компьютердик кабинет, китепкана, ашкана заман талабына ылайык жабдылган. Балдардын өнөрлөрүн өркүндөтүп, кызыккан сабактарын дагы жакшы өздөштүрүүсү үчүн ар түрдүү ийримдер уюштурулган. Мындан сырткары, Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо үчүн кошумча сабактар өтүлүп турат.
«Нуристан балдар борборунда» жогорку квалификациялуу, тажрыйбалуу кызматкерлер эмгектенет жана тарбиялануучулары шаар ичинде ар кандай сынактарга катышып, байгелүү орундарды ээлеп келишүүдө.
10 жылдыкты белгилөө иш-чарасы окуучулардын хор «Манас» эпосунан үзүндү айтуусу менен башталып, окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду. Өнөрлөрүн келген конокторго тартуулашып, билим берүү уюму тууралуу кеңири маалымат берилди.
Иш-чарага Балыкчы шаарынын мэриясынан, Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, шаардагы мектептердин жетекчилери катышып, алар тарабынан белек, ыраазычылык кат, грамоталар тапшырылды.
Рима Кубанова