Балыкчы шаарындагы Балдар билим берүү борборунун «Алтын балалык» аталышындагы отчеттук концерти Эсен Думанаев атындагы шаардык маданият үйүндө 31-май күнү болуп өттү.
1-июнь-Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата уюштурулган иш-чаранын башында Балдар билим берүү борборунун жетекчиси Махабат Бейшеева борбор жана анын жетишкендиктери тууралуу маалымат берип өттү. Андан соң концерттик программага кезек берилип, борбордун окуучулары өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Иш-чарага Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу, шаардык кеңештин төрагасы Жакшылык Абдыразаков, билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Джылдыз Эсенаманова, мугалимдер, ата-энелер окуучулар катышышты.
Соңунда Балдар билим берүү борбору тарабынан мыкты өнөр ээлерине «Талант-2023» сыйлыгы тапшырылды.
Мээрим Шарыпова