Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу Балдар билим берүү борборунда жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу, баңгиликтин алдын алуу жана пайдалуу баалуулуктарды калыптандыруу максатында “Гитара кечеси” аттуу чыгармачылык сынак уюштурулду.
Иш-чарага Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышып, окуучулар менен баңгиликтин зыяндуулугу жана анын кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ачык форматта өткөн баарлашууда окуучулар өз ойлорун билдирип, суроолорун узатышты.
Музыкалык бөлүктө окуучулар соло, дуэт жана квартет болуп сахнага чыгып, гитаранын коштоосунда ырларды аткарышты. Жаш таланттардын чыгармалары көрүүчүлөрдүн жылуу колдоосуна ээ болуп, кечеге өзгөчө чыгармачылык маанай тартуулады. Бул формат жаштардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө жана бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түздү.
Иш-чаранын алкагында окуучуларга баңгиликтин алдын алуу боюнча маалыматтык баракчалар жана флаерлер таратылып, ошондой эле бул темада дубал гезит жана сүрөт сынактары уюштурулду.
Иш-чаранын өзгөчөлүгү катары эскерүү бурчу уюштурулуп, свечалар жана гүлдөр коюлду. Бул символикалык көрүнүш баңгиликтин кесепетинен каза болгон жаштарды эскерүү жана жаштарга бул көйгөйдүн олуттуулугун көрсөтүү максатын көздөдү.

Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси Р. Селееванын айтымында, бул демилге окуучулардын өздөрүнөн чыккан.
«Гитара кечеси окуучулардын демилгеси менен уюштурулду. Алар укук бузуулардын алдын алуу иштерин жаштарга кызыктуу багытта өткөрүүнү сунушташкан», – деди ал.
Ошондой эле ал жаштардын кызыгуусуна ылайык форматтарды колдонуу маанилүү экенин белгиледи.
«Жаштардын субкультурасына көп учурда жетиштүү көңүл бурулбай келет. Ошондуктан окуучуларга кызык болгон чыгармачылык аркылуу баңгилик көйгөйүнө көңүл бурууну максат кылдык», – деп белгиледи Р. Селеева.

Анын айтымында, иш-чара окуучулар тарабынан абдан жылуу кабыл алынган.
«Окуучулар кечеден абдан жакшы таасир алып, мындай иш-чаралар дагы уюштурулушун каалашты. Алар атүгүл шаардык деңгээлде, мисалы Грин Сити пляжында өткөрүүнү сунушташты», – деди ал.

Мындан тышкары, жаштар салттуу лекция форматындагы жолугушууларга караганда интерактивдүү жана чыгармачылык иш-чаралар пайдалуураак экенин белгилешкен.
«Окуучулар кызыксыз лекциялардан чарчагандарын айтып, мындай форматтагы иш-чаралар алар үчүн алда канча кызыктуу жана пайдалуу экенин билдиришти», – деп кошумчалады Р. Селеева.

Иш-чаранын жыйынтыгында жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу жана коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча иштерди мындан ары да күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
Даярдаган:Зубаржад Жалилова