Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү системасында эмгектенген кызматкерлердин айлык акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги маалымдады.

Министрликтин билдирүүсүндө белгиленгендей, бул чечим мугалимдердин коомдогу статусун жогорулатууга жана өлкөнүн өнүгүшүндө педагогдордун ролун таанууга багытталган маанилүү мамлекеттик кадам болуп саналат.
Ошондой эле айлык акыны жогорулатуу окуткан предметине карабастан бардык мугалимдерге бирдей тиешелүү болору айтылды.
Акыркы күндөрү коомчулукта STEM предметтеринин мугалимдеринин гана айлыгы көтөрүлүп, тарых, кыргыз тили жана география сабактарынын мугалимдеринин эмгек акысы жогорулатылбайт, мындан тышкары бул предметтердин сааттары кыскартылат деген маалыматтар тараган. Министрлик мындай маалыматтар чындыкка дал келбесин билдирди.
Агартуу министрлиги мектептеги ар бир мугалим келечек муунду тарбиялоо аркылуу мамлекеттин стратегиялык миссиясын аткарарын белгилеп, бардык педагогдордун эмгегин баалоо негизги принцип экенин кошумчалады.