Чүй облусунун Сокулук районунун айымдарын куттуктоо үчүн 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, ал Кыргыз улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармониясынын залында жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Майрамдык кечеге Сокулук районунун ар кайсы аймактарынан келген айымдар катышып, алардын урматына арналган өзгөчө программа тартууланды.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Илияз Ташкулов куттуктоо сөз сүйлөп, бардык айымдарды жаз майрамы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө аялзатынын коомдогу, үй-бүлөдөгү жана мамлекеттин өнүгүшүндөгү орду өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, алардын эмгегине жогору баа берди. Ошондой эле айымдарга терең ыраазычылык билдирип, бир катар белектерди тапшырды.
Майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Эдита Тайгараева жана Абдылдабек Эгембердиев, ошондой эле «Аялдар кеңеши» коомдук бирикмесинин төрайымы Алтыбаева Айнуру катышып, айымдарга ак тилектерин айтып, майрамдык куттуктоолорун жолдошту.
Салтанаттын алкагында коомдун ар кыл тармактарында үзүрлүү эмгектенип, коомдук иштерге активдүү катышып келген айымдар Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты. Биз сыйлык алган айымдардын айрымдары менен кыскача маек куруп, алардын ойлорун угууга жетиштик.
Ардак грамота менен сыйланган айымдардын бири – Асыл Жаңыбаева. Ал Шопоков шаарынын тургуну, «Сокулук–Давха» орто мектебинин директору. Коомдук иштерге активдүү катышып келген жетекчи айым шаар турмушундагы маанилүү маселелерди көтөрүп, аларды чечүүгө дайыма салым кошуп келет.
Асыл Жаңыбаева өз сөзүндө аялдардын коомдогу орду тууралуу мындай деп белгиледи:
«Мен Шопоков шаарынын тургуну катары шаардын коомдук жашоосуна активдүү катышып келем. Үчүнчү жана төртүнчү Элдик курултайдын делегатымын, ошондой эле шаардагы аялдар комитетинин мүчөсү, төрайымдын орун басары болуп иштейм. Шаарыбызда чечүүнү талап кылган көптөгөн маселелер бар. Алардын чечилишине аялдар комитетинин да салымы чоң. Анткени аялдар үй-бүлөнүн да, коомдун да таянычы. Үйдө балдарды тарбиялап, ошол эле учурда коомдук иштерге катышкан аялдардын ролу өтө маанилүү», — деди ал.
Ал ошондой эле жетекчилик кызматтарда иштеп жүргөн мезгилинде бир топ иштерди аткарууга жетишкенин айтып өттү. Айрыкча Шопоков шаарындагы Д.Шопоков атындагы кесиптик лицейди жетектеп турганда окуу жайды капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жаңы кесиптердин ачылышына жетишкен. Мындан тышкары, шаардагы көйгөйлүү маселелерди курултайда көтөрүп чыгып, тиешелүү министрликтер менен ведомстволорго жеткирүү аркылуу бир катар маселелердин чечилишине салым кошконун белгиледи.
«Эмгек өз убагында бааланса, адамга чоң дем берет. Жакында Республикалык Аялдар кеңешинин төрайымы Айнуру Алтыбаеванын колунан Ардак грамота алдым. Албетте, абдан сүйүндүм, толкундандым. Мындай баалоо мындан ары дагы иштөөгө мотивация берет. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, терең ыраазычылыгымды билдирем», — деп сөзүн жыйынтыктады.
Ошондой эле биз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты ЭдитаТайгараеванын колунан сыйлык алган дагы бир айым – Бермет Бейшенова менен да баарлаштык.
Ал Сокулук районунун Күнтуу аймагындагы Кызыл-Туу айылынын тургуну. Бермет Бейшенова айым 23 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келет. Ошондой эле үч жыл жергиликтүү кеңештин депутаты болуп иштеп, айымдардын жашоосуна оң таасир тийгизүүгө өз салымын кошкон. Учурда Бишкек шаарындагы №98 байланыш жана маалымат технологиялар кесиптик лицейинде окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары кызматын аркалап келет.
Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаты Эдита Тайгараева жаш муундарды тарбиялоого, билим сапатын жогорулатууга жана келечек кесип ээлерин даярдоого кошкон салымын жогору баалап, Ардак грамота тапшырган.
«Ар бир сыйлык мен үчүн чоң жоопкерчилик. Анткени Кыргызстандын келечеги – жаш муундар. Жаштарыбыз мыкты билим алып, кесиптүү болсо, өлкөбүздүн келечеги да кең болот деп ишенем. Билим берүү тармагында из калтыруу – менин негизги максатым», — дейт ал.
Майрамдык салтанаттын соңунда Бермет айым бардык айымдарды 8-март майрамы менен куттуктап, ар бир үйгө тынчтык, бакыт жана ден соолук каалады.
Бул майрамдык кечеде аялдардын коомдогу орду, алардын эмгеги жана талыкпас аракеттери дагы бир ирет жогору бааланып, катышуучуларга өзгөчө маанай тартуулады.
Даярдагандар: Аида Карыбекова, Айдай Джолчубекова