2026-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде депутат Махабат Мавлянованын демилгеси менен “Органикалык жер семирткичтер: сапаты, сертификациялоо жана рынокко чыгуу мүмкүнчүлүктөрү” аттуу тегерек стол өттү.
Депутат Махабат Мавлянова
Иш-чаранын максаты — органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана органикалык жер семирткичтердин өндүрүшүн колдоо маселелерин талкуулоо болду.
Тегерек столго Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү, илимпоздор, органикалык жер семирткич өндүрүүчүлөр жана тармактык ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.

Талкуу учурунда органикалык жер семирткичтер рыногунун учурдагы абалы, экспорттук мүмкүнчүлүктөр, мамлекеттик органдар, илимпоздор жана дыйкандар ортосундагы кызматташтык маселелери каралды.
Мындан тышкары, ички жана тышкы рыноктор үчүн сапат стандарттарын камсыз кылуу, сертификациялоо системасын өнүктүрүү жана органикалык өндүрүүчүлөр ассоциациясынын мүчөлөрүн колдоо механизмдери боюнча пикир алмашуу болду.
Иш-чаранын алкагында ата мекендик өндүрүүчүлөр жүндөн, биогумустан, биокомпосттон жана башка табигый чийки заттардан даярдалган органикалык жер семирткичтерди тааныштырышты.
Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү өлкө үчүн маанилүү багыт экенин белгиледи:
“Органикалык жер семирткичтерди өндүрүү, топурактын асылдуулугун жогорулатуу жана экологиялык таза азык-түлүк менен камсыз кылуу – бүгүнкү күндүн негизги талаптарынын бири. Ошондуктан өлкөдө органикалык аймактарды көбөйтүү жана органикалык азыктарды өндүрүүнү колдоо иштерин улантабыз”, – деди ал.
Талкуунун жыйынтыгында органикалык жер семирткичтерди өндүрүүнү колдоо, сертификациялоо механизмдерин өркүндөтүү жана мамлекеттик менен жеке сектордун ортосундагы бир катар сунуштарды иштеп чыгышты
Даярдаган:Алгожоева Жанар