Кочкор районунда өткөн Манас эпосуна арналган “Манас таануу” интеллектуалдык таймашында Соң-Көл жалпы билим берүү мектебинен түзүлгөн “Өркүн” командасы ийгиликтүү катышып, 2-орунду камсыздап, облустук баскычка жолдомо алды. Таймашка райондун мектептеринен жалпы 41 команда катышты.
Кочкор районунда мектеп окуучуларынын арасында “Манас таануу” интеллектуалдык таймаш уюштурулуп, ага райондун ар кайсы мектептеринен келген жалпы 41 команда катышты. Таймашты «Манас театр» уюштуруп, 15жылдан бери бул таймашты республикалык деңгээлде өткөрүп келет. Таймаштын негизги максаты – окуучулардын «Манас» эпосу тууралуу билимдерин тереңдетүү, улуттук баалуулуктарды урматтоого тарбиялоо жана жаштардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар “Манас” эпосунун мазмуну, каармандары, тарыхый окуялары жана салт-санаа менен байланышкан суроолорго жооп беришти. Ошондой эле айрым тапшырмаларда окуучулар өз ойлорун айтып, манас айтууга байланышкан чыгармачылык жөндөмдөрүн да көрсөтө алышты.

Интеллектуалдык таймаш кызыктуу жана атаандаштыкка бай өтүп, катышкан командалар жигердүү даярдык менен келгенин далилдешти. Окуучулар эпос тууралуу терең билимдерин көрсөтүп, улуттук мурастарга болгон кызыгуусу жогору экенин айгинелешти. Таймашка катышкан «Соң-Көл» жалпы билим берүү мектебинин «Өркүн» тобу мыкты катышуучу болуп, 2-орунду ээлегендиги үчүн облустук баскычка жолдомо алышты. Топто 3 окуучу өз билимдерин жогорку деңгээлде көсөтө алышты. Топтун катышуучусу 7-класстын окуучусу Айэлина Асанбекова: «Сынак аябай кызыктуу жана жогорку деңгээлде өткөнүн. Атаандаштар аябай күчтүү экенин. Кийинки турга да талыкпаган эмгек кылаарын» -белгилеп кетти.

Иш-чаранын соңунда калыстар тобу мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен командаларды аныктап, жеңүүчүлөргө дипломдор жана сыйлыктар тапшырылды. Мындай таймаштар жаш муундун улуттук маданиятка болгон кызыгуусун арттырып, “Манас” эпосун кеңири таанып-билүүгө чоң өбөлгө түзөт.
Даярдаган:Майрамбек кызы Бурул