Ак-Талаа районундагы К.Султангазиев атындагы райондук маданият үйүндө “Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам”- аттуу сынак болуп, анда вокал, хореография, жана улуттук аспапта ойноо номинациялары боюнча жалпы 125 окуучу өнөрүн тартуулады. Сынактын жобосуна ылайык 7- 17 жашка чейинки окуучулар катышып, жаш өзгөчөлүгүнө жараша 3 курактык (7-11, 12-14, 15-17) баскычта өттү.




Ж.Сыдыков атындагы Балдар билим берүү борборунун директору Азамат Дөөлөтбековдун айтымында сынактын максаты-жаш таланттуу аткаруучуларды колдоо, улуттук маданиятты балдардын чыгармачылыгы аркылуу таанытуу болуп саналат.

Сынактын жүрүшүндө жобого ылайык калыстар тобу катышуучулардын аткаруу чеберчилиги менен бирге сахнада өзүн эркин алып жүрүү, ырдоо маданияты, аткарган чыгармалардын жаш курагына туура келүүсү сыяктуу талаптарга да көңүл бурушту.
Ар бир номинация боюнча алдыңкы орунду камсыздаган жеңүүчүлөр сынактын облустук туруна катышууга жолдомо алышты.

Эске салсак, аталган сынак КРнын билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстандын ЮНЕСКО клубдарынын Ассоциациясы, “Балажан” Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору менен өнөктөштүктө жыл сайын өткөрүлүп келет.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова