10-мартта Дөбөлү айыл өкмөтүнүн тургундары, Нарын районунун акими менен жолугушуп, суроо- талаптарына жооп алышты.
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Каримов Залкарбек Абдурасулович Дөбөлү айыл өкмөтүнө келип , жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.
Жаңы дайындалган аким менен жолугушуу үчүн эл көп чогулду.
Жолугушуунун негизги максаты – элдин ой-пикирлерин угуу, көйгөйлөрүн жана сунуштарын билүү болду. Жыйын учурунда тургундар айылдагы жол, суу, электр энергиясы, социалдык кызматтар сыяктуу маселелер боюнча суроолорун жана талаптарын билдиришти.
Аким элдин ар бир суроосун угуп, тиешелүү мекемелер менен биргеликте маселелерди чечүү боюнча аракеттер көрүлөрүн белгиледи. Ошондой эле мындай жолугушуулар мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүлүп турарын айтып, жергиликтүү эл менен тыгыз иштешүүгө даяр экенин билдирди.

