Балыкчы шаарындагы мектептерде жаш өспүрүмдөр арасында эрте турмуш куруунун алдын алуу максатында сериялык лекциялар уюштурулду. Иш-чараларга шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана адистери, БИИ кызматкерлери, социалдык коргоо тармагынын өкүлдөрү катышып, окуучуларга актуалдуу маалыматтарды беришти.
Лекциялардын жүрүшүндө окуучуларга эрте никеге туруунун кесепеттерин чагылдырган видеороликтер көрсөтүлүп, маалыматтык баракчалар таратылды. Адистер окуучулар менен баарлашып, алардын суроолоруна жооп берип, келечекке туура багыт алуу жана билим алуунун маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрмө беришти.

Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, мындай иш-чаралар жаш өспүрүмдөрдүн укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, алардын келечегине жоопкерчилик менен мамиле кылуусуна өбөлгө түзөт.
Зубаржад Жалилова