2026-жылдын 12-мартында Балыкчы шаарында кургак учук оорусунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелерине арналган илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Иш-чара Балыкчы шаарынын Арт-галереясынын жыйындар залында уюштурулуп, коомчулуктун ар кыл тармактарынан өкүлдөрдү бириктирди.
Конференцияга Балыкчы шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, шаардык билим берүү бөлүмүнүн адистери, саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери, диний кызматкерлер, мектептердеги Ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин төрайымдары жана мектеп президенттери катышты. Бул иш-чара кургак учукка каршы күрөштө мекемелер аралык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталды.

Жыйындын жүрүшүндө адистер тарабынан кургак учук оорусунун алдын алуу, аны эрте аныктоо жана калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча бир катар баяндамалар жасалды. Ошондой эле Балыкчы шаары боюнча статистикалык маалыматтар сунушталып, флюорографиялык текшерүүнүн мааниси, айрыкча балдар жана өспүрүмдөр арасында профилактикалык иш-чараларды күчөтүү маселелери кеңири талкууланды.

Конференциянын алкагында мектеп окуучулары да активдүү катышып, кургак учук оорусу тууралуу кыскача илимий билдирүүлөрдү жасашты. Катышуучулар арасында суроо-жооп уюштурулуп, пикир алмашуу болду.

Жыйынтыгында конференциянын резолюциясы кабыл алынып, кургак учуктун алдын алуу багытында бардык тиешелүү мекемелердин жана түзүмдөрдүн биргелешип иш алып баруусу зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана билим берүү мекемелеринде профилактикалык иш-чараларды мындан ары да улантуу сунушталды.

Зубаржад Жалилова