Токтогул шаарындагы Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы Мазар-Суу айылы таза суу менен камсыз болду. Таза суу менен камсыздоо иштери апрель айынан башталып бүгүнкү күндө бүтүп айыл эли таза суу менен камсыз болушту.

Токтогул районуна караштуу Мазар-Суу айылында таза суу маселеси чечилип, 3,5 чакырым алыстан таза суу түтүгү тартылды. Бул демилге тургундардын муктаждыгын канааттандырууга багытталган жана жергиликтүү бийликтин, элдин жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашты.

Долбоордун жалпы баасы 333 500 сомду түздү. Анын ичинен 290 000 сому жергиликтүү бюджеттен каржыланса, 43 500 сомун айыл тургундары өз салымы катары кошушту. Иш жүзүндө бул долбоор БУУнун Өнүктүрүү программасы (ДАТП) тарабынан колдоого алынып, анын алкагында 41 адам убактылуу жумуш менен камсыз болуп, ар бир жумушчуга 150 АКШ доллары өлчөмүндө эмгек акы төлөндү.

Бул иш-чара аймактын социалдык турмушуна оң таасирин тийгизип, элдин ынтымагын жана өз ара көмөктөшүү маданиятын дагы бир жолу далилдеди. Жаңы тартылган суу линиясы аркылуу тургундар эми таза жана жеткиликтүү ичүүчү сууга ээ болушууда.


Мазар-Суу эли бул жакшы жөрөлгө үчүн колдоо көрсөткөн бардык тараптарга терең ыраазычылык билдиришүүдө.
Даярдаган: Азема Кудуева