23-июль күнү Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов Токтогулга келип, билим берүү мекемелериндеги курулуштардын жүрүшү менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К. Сулайманов жана Токтогул районунун акими А. Тюкебаев Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинин кошумча корпусунун жана Токтогул шаарынын Арал айылындагы №11 Т.Тешебаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштеринин жүрүшүн жеринде текшерип чыгышты.
Депутат К.К. Сулайманов курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, компания жетекчилерине бардык жумуштарды белгиленген мөөнөттө жана талапка ылайык бүткөрүүнү тапшырды. Ал сапатсыз курулуш — бул балдардын билим алуусуна түздөн-түз тоскоолдук болорун белгилеп, билим берүү мекемелерин заманбап шарттар менен камсыз кылуу мамлекеттин негизги максаттарынын бири экенин кошумчалады.
Мектептердин курулушу аяктагандан кийин окуучулар үчүн кеңири, ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап билим берүү чөйрөсү түзүлөрү күтүлүүдө. Бул болсо жаш муундардын татыктуу билим алуусуна жана өсүп-өнүгүүсүнө өбөлгө түзмөкчү.
Даярдаган: Азема Кудуева