Кыргызстанда кош бойлуу аялдардын саламаттыгын камсыздоо – мамлекеттик маанидеги артыкчылыктуу багыттардын бири. Бул максатта Милдеттүү Медициналык Камсыздандыруу (ММК) полиси өзгөчө мааниге ээ. Ал аркылуу аялдар бекер же жеңилдетилген шартта медициналык жардам алып, төрөткө чейинки жана андан кийинки мезгилде социалдык колдоого ээ боло алышат.

ММК полиси бул мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында саламаттыкты сактоо кызматтарын акысыз алууга укук берген документ. Полиске ээ жарандар, анын ичинде кош бойлуу аялдар, төмөнкү кызматтарды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат:
• Диагностика жана дарылоо
• Эмдөө жана профилактикалык текшерүүлөр
• Төрөт
ММК фонду менен келишим түзгөн бардык клиникаларда жана ооруканаларда бул полис иштейт. Эң биринчи шарт каттоодо турушу керек. Кош бойлуу аялдар мамлекеттик каттоого туруп, төмөнкү жеңилдиктерди ала алышат:
• Акысыз медициналык жардам – төрөткө чейин жана төрөттөн кийин (10 жумага чейин).
• Эмдөө кызматы – улуттук эмдөө календары боюнча вакциналар акысыз берилет.
• Арзан дарылар – фолий кислотасы, йод, жана башка дары-дармектер 50% арзандатуу менен электрондук рецепт аркылуу жазылат.
• Полис акысыз берилет – эгер кош бойлуу аял камсыздандырылбаган болсо, ММК фонду аны бир жылга акысыз камсыздандырат.
Эмне кылуу керек?
1. Жакынкы Үй-бүлөлүк медицина борборуна барып каттоого туруңуз
2. Электрондук рецепт алуу үчүн дарыгерге кайрылыңыз
3. Жөлөк пул алуу үчүн тиешелүү документтерди жыйнап, социалдык башкармалыктарга кайрылыңыз
4. Кененирээк маалымат үчүн – 113 номерине чалсаңыз болот (чалуу акысыз)
Эсиңизде болсун: Кош бойлуулук бул жоопкерчиликтүү мезгил. ММК полиси аркылуу берилүүчү мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу – өз ден соолугуңузду жана болочок балаңыздын келечегин сактоо үчүн маанилүү кадам.
Айпери Марлесова