Төрөт – аялзаты үчүн улуу жана жоопкерчиликтүү сыноо. Бирок бул процесс көп учурда ден соолукка чоң коркунуч жаратат. Кыргызстандын статистикасына ылайык, 2022-жылы төрөт учурунда кан жоготуудан 41 аял каза болгон. Бул көйгөйдү алдын алуу үчүн тўрөттөгү кан жоготуунун негизги себептерин жана аларды болтурбоо жолдорун билүү зарыл. Медицина илимдеринин доктору, профессор Арсен Аскеровдун маалыматы боюнча, мындай көйгөйлөрдү туура пландаштыруу менен алдын алууга болот.
Сүрөт БУУнун Калк Фонду тарабынан тартылган, жаңы төрөгөн айымды текшерүү учуру
Төрөттө кан жоготуунун негизги себептери
1. Баланын салмагынын чоң болуусу
Себеби:
Баланын ашыкча салмагы жатындын жана төрөт жолдорунун жабыркашына алып келип, кан жоготуунун чоң себептеринин бири болуп эсептелет.
Алдын алуу:
2. Жатындын туура эмес жайгашышы
Себеби:
Жатындын туура эмес абалы төрөттү кыйындатат жана кан тамырлардын жабыркашына себеп болушу мүмкүн.
Алдын алуу:
3. Жатындын сезгенүүсү
Себеби:
Жатындын сезгенүүсү инфекциянын натыйжасында келип чыгып, кан тамырларга терс таасирин тийгизет.
Алдын алуу:
4. Тез төрөт
Себеби:
Тез төрөт төрөт жолдорунун жаракат алышына жана кан жоготуунун көбөйүшүнө алып келет.
Алдын алуу:
5. Узакка созулган төрөт
Себеби:
Узакка созулган төрөттөр төрөт жолдорун жабыркатат жана чоң кан жоготуунун себеби болушу мүмкүн.
Алдын алуу:
6. “Тон оорусу” жана кандын уюбай калышы
Себеби:
Бул абал жатындын кан тамырларын жабыркатат жана кандын уюшуна тоскоолдук жаратат.
Алдын алуу:
Кан жоготуу эне жана түйүлдүк үчүн кандай коркунуч жаратат?
Эне үчүн коркунучтар:
Түйүлдүк үчүн коркунучтар:
Кан кетүү орун алганда эмне кылуу керек?
Алдын алуунун жалпы кеңештери
Төрөттөгү кан жоготуунун алдын алуу жана эне-баланын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн дарыгерлердин көрсөтмөлөрүн так аткаруу маанилүү. Ар бир аял өзүнүн ден соолугуна жоопкерчилик менен мамиле кылып, пландалган төрөткө өз убагында даярдануусу зарыл. Бул макаладагы маалыматтар Акушер-гинеколог жана Неонатологдор Ассоциациясынын президенти, медицина илимдеринин доктору — профессор Арсен Аскеровдун пикирлерине негизделди.
Макаланын видеоверсиясы
Бул материал Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун колдоосунда даярдалды, анын мазмуну үчүн Жамааттык Медиа гана жоопкерчиликтүү жана ал БУУнун Калк фондунун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.
Айгерим Кубатбекова, Айпери Марлесова