Мобилдик телефон азыркы замандын эң маанилүү куралы. Ал бизге байланыш түзүүгө, иштөөгө жана көңүл ачууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок туура колдонулбаса, алдамчылыктын жана жеке маалыматтардын уурдалышынын булагына айланышы мүмкүн. Эксперт Алмаз Исманов белгилегендей, санарип коопсуздук ар бир колдонуучу үчүн маанилүү. Бул макалада сиз мобилдик телефондорду жана жеке аккаунттарды коопсуз колдонуунун жолдорун үйрөнөсүз.
Алмаз Исманов, медиа эксперт
Телефонду колдонуунун негизги эрежелери
Телефонду сатып алгандан баштап, анын коопсуздугун камсыздоо зарыл. Алгач жеке аккаунттарды түзүүдө төмөнкүлөргө көңүл буруңуз:
1. Каттоо үчүн уникалдуу сырсөздөр: Сырсөз түзүүдө латын алфавитин, символдорду жана сандарды колдонуп, татаал комбинация түзүңүз. Алмаз Исмановдун айтымында, “ыңгайсыз көрүнгөн сырсөздөр эң коопсуз болуп саналат.” Алмаз Исманов сырсөз түзүүдө төмөнкү ыкмаларды сунуштайт:
• Кыргызча сөздөрдү латын алфавитинде колдонуу.
• Макал-лакаптардан шыктануу.
• Сизге жаккан ырдын бир сабын колдонуу
• Символдорду жана санды аралаштыруу.
• Эс-тутумду чыңдоо үчүн сырсөздү жазууну адатка айландыруу.
2. Эки факторлуу аутентификация: Бул ыкма сырсөз менен катар сиздин телефон номериңизге же электрондук почтаңызга код жиберүү аркылуу кошумча коргоону камсыз кылат. Мындай ыкма жеке маалыматтарыңызды шылуундардан сактайт.
3. Электрондук почталардын коопсуздугу: Электрондук почталар шылуундар үчүн эң алгачкы максат болуп эсептелет. Тааныш эмес шилтемелерди ачуудан алыс болуу жана каттарды шек менен кароо зарыл. Фишинг аркылуу шылуундар сиздин сырсөздөрүңүздү же картаңыздын маалыматтарын уурдап алышы мүмкүн. Электрондук почтаңыздын коопсуздугун камсыздоо үчүн сырсөздү мезгил-мезгили менен алмаштырыңыз. Кат жөнөтүүчүлөрдүн электрондук дарегин кылдат текшериңиз.
4. Балдардын телефон колдонушун көзөмөлдөө: Балдардын телефон колдонуу адаттары ата-энелерди көбүнчө тынчсыздандырат. Санарип чөйрөдө коопсуздукту камсыздоо үчүн «Ата-эне көзөмөлү» функциясын колдонсоңуз болот. Бул функция аркылуу сиз балдарыңыздын кайсы тиркемелерди колдонуп жатканын, кайсы сайттарды карап жатканын биле аласыз.
Мындан тышкары:
• Белгилүү убакыт аралыгында колдонуу чектерин коюу.
• Балдарга алардын коопсуздугу үчүн жеке маалыматтарын бөлүшпөө зарылдыгын түшүндүрүү.
• Балдардын оюнга же социалдык тармактарга байланыштуу чыгымдарын көзөмөлдөө.
Төмөндө Алмаз Исманов болгон окуяларды тизмектеп айтып берди.
1. Эки факторлуу аутентификациянын артыкчылыгы
Банктын мобилдик тиркемесин колдонгон колдонуучу, сырсөзүн шылуундарга билдирип койгондон кийин, анын эсебиндеги акча уурдалган. Бирок, кошумча аутентификация активдештирилгендиктен, шылуундар аккаунтка толук кире алышкан эмес.
2. Балдар үчүн кооптуу онлайн оюндар
Онлайн оюндардын биринде сыйлыкка ээ болуу үчүн баладан ата-энесинин карта номерин сурашкан. Тиешелүү көзөмөл орнотулбагандыктан, ал картадагы акчаларды жоготууга алып келген.
3. Фишинг жана почта шилтемелери
Кызматкер корпоративдик почтасы аркылуу келген шектүү шилтемени ачып, компаниянын купуя маалыматтарын жоготууга себеп болгон. Бул ишти кылдат талдоонун негизинде почталык коопсуздуктун маанилүүлүгү аныкталган.
Маселеден чыгуу жолдорун ишке ашыруу
Санарип коопсуздукка жетишүү үчүн төмөнкү чараларды көрүү керек:
1. Коопсуз сырсөздөр: Макал-лакаптарды жана уникалдуу символдорду колдонуп сырсөз түзүңүз.
2. Эки факторлуу аутентификацияны колдонуу: Жеке маалыматтарыңызды шылуундардан коргойт.
3. Коомдук Wi-Fi тармактарында сак болуу: Мындай тармактарда жеке маалыматтарды бөлүшпөңүз.
4. Балдарды маалымдоо: Аларга телефонду коопсуз колдонуу эрежелерин үйрөтүңүз.
5. Тиркемелердин уруксаттарын көзөмөлдөө: Тиркемелердин жеке маалыматтарга кирүүсүн чектеңиз.
6. Жаңы мобилдик телефон алганда эч убакта башка бирөөгө каттатып, электрондук почта ачып берүүнү суранбаңыз
Мобилдик телефонду туура колдонуу – бул биздин жеке жоопкерчилигибиз. Алмаз Исманов айткандай: «Ар бир адам санарип чөйрөдө өзүнүн коопсуздугун камсыздай алат, эгерде жөнөкөй эрежелерди сактай билсе.» Коопсуздукка көңүл буруу менен, өзүңүздү жана жакындарыңызды санарип шылуундардан коргоңуз.
Айгерим Кубатбекова, Айпери Марлесова
Редактору: Назира Жусупова