Кетмен-Дөбө аймагына караштуу Терек-Суу айылындагы Турусбек орто мектебинде Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Иш-чарада 8-9-10- классттардын окуучулар арасында Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык чыгармалардан үзүндү алып, сахналаштырып ролдорду аткарышты. Ошондой эле дубал газета жана чыгармалардын негизинде макеттер жасалды.


«Бүгүнкү иш-чарада окуучулар өз алдынча актердук чеберчиликтерин көрсөтө алышты. Мага жакканы окуучулардын өз алдынча чеберчилик менен макеттерди жасаганы болду» — деди кыргыз-тил мугалими Кенже Аматбекова.

Бүгүнкү иш-чарада окуучуларды Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына болгон кызыгууларын артыруу, китеп окууга үндөө менен актердук чеберчиликтерин өстүрүү максатында болду» — дейт кыргыз-тил мугалими Эрке Стамалиева.

Даярдаган: Азема Сабырбекова.