Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагында Арык-Тейт айылындагы милиция кызматкерлеринин аймактык таяныч пунктун имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.
Лента кыркылып жаткан учур
Иш чаранын катышуучулары
Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Саттарали Минбаев:
Саттарали Минбаев
«Арык-Тейт айылындагы милиция кызматкерлерине аймактык таяныч пунктун курулушунун сметалык баасы 1млн сомду түзөт. Курулуш жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган. Ошондой эле демөөрчүлөр тарабынан керектүү эмеректер алынып берилди. Курулуш иштери февраль айында башталып, бүгүнкү күндө ачылыш аземи болуп олтурат.»- деп билдирди.
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева