Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борбору Баетов айыл өкмөтү жана “Кызыл Ай” коому менен биргеликте эмчек эмизүү жумалыгына карата акция өткөрдү.

Кош бойлуу аялдарга туура тамактануу боюнча маалымат берилди

Акцияда кош бойлуу аялдар тамактануусу керек, эне жаңы төрөлгөн баланчы канча жашка чейин эмизүү керектиги, эне сүтүнүн пайдасы тууралуу маалыматтар берилди.

Аида Вайсканова улуу эмчи айым (солдо)
Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун улуу эмчи айымы Аида Вайсканованын маалыматына караганда кош бойлуу аялдар, жаш балалуу энелер үчүн абдан пайдалуу мындай акция мезгил-мезгили менен өткөрүлүп турат.
“Кызыл Ай” райондогу өкүлү Гүлмира Аянова бардык эле адам баласынын жашоодогу негизги озуйпасы тукум калтыруу дейт.

Гулмира Аянова «Кызыл Ай» коомунун өкүлү
“Жашоодо бардыгыбыз тукум улоо үчүн аракет кылабыз. Жадакалса айбандар дагы. Бирок биз азыр ошо ата-энелер улап жаткан тукумдун сапатына көңүл бурбай калып жатабыз. Мал баккандай эле колду ачып-жуумп баланын санын санайбыз. Балдарыбыз уктап, тамак ичип, оорубай чоңоюп кетсе болду деп кооебуз. Бирок анын акыл-эси канчалык денгээлде калыптанып, өсүп жетилип жатканына маани бербей жатабыз. Ал эми бир гана эне сүтүндө баланын акыл-эсин өстүрө турган азыктар бар”,- дейт.
Акциянын жүрүшүндө витаминдер, пайдалуу азыктар, туура тамактануу пирамидасы ж.б маалыматтарды камтыган китепчелер берилди.

Кош бойлуу айымдарга китепчелер берилди

Андан соң катышуучулар арасында туура тамактануу, кош бойлуу кездеги тамактануу ж.б тууралуу викториналык суроолор уюштурулуп, аталар жигердүү катышты.

Сынактын суроолоруна аталар туура жооп беришти
Соңунда жеңүүчүлөргө Баетов айыл өкмөтү тарабынан чакан белектер берилди.

Баетов айыл өкмөтү 5000 сомго демөөрчү болду

Викториналык суроолорго туура жооп берген катышуучуларга белектер берилди



Барчын Мамытбекова