Чыңгыз Айтматов адамдардын жакшы сапаты эненин сүтүнөн жана күндүн нурунан деп айткан. Ымыркай үчүн эң биринчи, эң керектүү азык бул эненин сүтү. Бала жаңы төрөлгөндө алгачкы алты айда эмчек сүтү менен гана багуу зарыл. Неонатолог Чынар Бакированын айтымында акыркы жылдары жаштардын арасында эмчек эмизүүдөн баш тартуу көрүнүшү көбөйүп баратат. Себеби жумушка байланыштуу шарттар, жашоо-турмуштагы өзгөрүүлөр, айрым учурларда социалдык факторлор эмчек эмизүүнү азайтып жатат. Мындан тышкары, дүкөндөрдө жасалма кошумча азыктардын кенен сатылышы да бул көрүнүшкө таасир берүүдө.

Дарыгер белгилегендей, башында эмизүүдө кыйынчылыктар болушу мүмкүн, бирок ага чыдап, баланы эмизүүнү улантуу абдан маанилүү. Анткени сатылма аралашмалар менен чоңойгон балдарда ич өткөк, кан аздык, иммунитеттин алсыздыгы жана ар кандай оорулар көп кездешет. Ал эми эмчек эмген бала ден соолугу чың болуп, энесинин мээримин сезип өсөт.
Кыргызстанда “Балдардын эмчек эмүүсүн коргоо жана жасалма тамак-аш каражаттарын жөнгө салуу” жөнүндө мыйзам да бар. Бул мыйзамдын негизинде эненин сүтүн артыкчылыктуу кылып, кошумча азыктардын жарнамасын көзөмөлдөөгө аракеттер жүрүүдө. Эне сүтүнүн эң баалусу бул — ууз сүтү. Ал аз өлчөмдө болгону менен калориясы өтө жогору, баланы тез салмак кошууга, иммунитетин чыңдоого жана ден соолугун бекемдөөгө жардам берет. Ошондуктан бала төрөлгөндөн кийин жарым сааттын ичинде эне эмизип башташы абдан маанилүү. Эне сүтүндө балага керектүү азыктар көп.
Эмизүү аралыктары кандай болуш керек?
— Эмизүүдө белгилүү бир график жок. Бала каалаганда, түнү да, күнү да эмизүүгө болот. Бирок айрым алсыз, көп ыйлабаган балдарды үч сааттан ашырбай ойготуп, эмизип туруу керек. Эгер бала жакшы сийип, заңдап жатса анда эмүүсү жетиштүү. Эгер тескерисинче болсо дарыгерге кайрылуу зарыл.
Дарыгер Бакированын айтымында учурда жаш энелер көңүлдүн барын жаңы төрөлгөн ымыркайга арнап, ага толук бойдон көңул буруудан аксап жатканы байкалат. Буга уюлдук телефон сыяктуу маалыматтын көптүгү таасирин тийгизүүсү мүмкүн. Сүттүн аз чыгышы же эл арасында жайылып кеткен «суюк», «майлуулугу аз»-деген пикирлер туура эмес экендигин айткан дарыгер ар бир апа ымыркайды тойгуза ала тургандай сүт чыгара аларын кошумчалады:
«Эмчек эмизүү учурунда эне өзү да тынч абалда болушу маанилүү. Телефон менен алаксыбай, ыңгайлуу абалда отуруп, бала менен көз аркылуу байланыш түзүп, жылуу мамиле кылуу эмизүүнү дагы да натыйжалуу кылат. Эгер сүт аз чыгып жатса, балага тез-тез эмизүү сунушталат. Себеби бала эмген сайын организм өзү сүт бөлүп чыгарат. Эненин ачка же чарчаган абалына карабай, сүт бөлүнүүсү уланат. Бала чоңойгон сайын сүт да көбөйө берет».
Ал эми бала эмбей жатса, эненин сүтүн саап, кашык менен берип туруу сунушталат. Эне сүтү – табигый, таза, жылуу жана акысыз азык. Ал балага азык гана болбостон ден соолугун бекемдеп, эненин мээримин, жылуулугун да тартуулайт. Бөтөлкө менен чоңойгон бала курсагы тоюп эле токтойт, эненин мээриминен куру калышы мүмкүн. Бул болсо анын психологиялык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизбей койбойт.
Баланы эмизүүдө апанын жакындарынын ага болгон камкордугу дагы чоң роль ойнойт. Энеге көңүл буруп, эс алып, туура тамактануусуна шарт түзүү зарыл.
Айгерим Кубатбекова, Айпери Марлесова.