2021-жылы КРсынын Саламаттыкты сактоо министрлиги гепатитти текшерүү, алдын алуу жана дарылоо боюнча №59 буйрук кабыл алган. Мурда бул оорулар боюнча маалыматтар так болбой, көпчүлүк бейтаптар жеке клиникаларга кайрылып, кээ бирлери дарылануу үчүн үй-жайын, малы-жанын сатып, кредит алууга чейин барышкан. Буйрук кабыл алынгандан кийин гепатит менен ооругандарды акысыз текшерүү жана дарылоо иштери башталды.
Азыр үй-бүлөлүк дарыгерлердин тизмесинде 300дөн ашык бейтап каттоодо, алардын жарымынан көбү — гепатит В, калган бөлүгү — гепатит С жана D. Бүгүнкү күндө каттоодогу айрым бейтаптар 5-7 жылдан бери вируска каршы дары-дармектер менен жашап келүүдө.
Гепатит деген эмне?

“Гепа” — боор, “тит” — сезгенүү дегенди билдирет. Бул оору боордун сезгениши менен коштолот жана көп учурда билинбей өтөт, анткени боордо нерв жок болгондуктан, ооруну сезүү мүмкүн эмес. Көпчүлүк адамдар гепатит бар экенин кандын анализин тапшыргандан кийин гана билишет.
Жугуу жолдору:
• Кан аркылуу (маникюр, стоматологиялык кызмат, кан куюу ж.б.)
• Энеден балага түздөн-түз берилбейт, бирок төрөт учурунда же теринин жаракатынан кан аркылуу жугушу мүмкүн.
Өзгөчө учурлар:
• Боюнда бар аялдарда гепатит С дарыланбайт, төрөгөндөн кийин гана дарылоо башталат.
• Гепатит В болсо, кош бойлуулуктун 24-26 жумасында ПЦР анализи аркылуу вирустун саны текшерилет. Эгер вирус жогору болсо, төрөткө чейин жана төрөгөндөн кийин 3 ай дарылоо жүргүзүлөт.
Алдын алуу:
• Кан менен байланыштан сактануу
• Сапаттуу медициналык жана косметологиялык кызматтарды тандоо
• Маникюр, педикюр, тиш дарылоо учурунда куралдардын стерилдүүлүгүнө көңүл буруу
Гепатит — жашыруун өтүүчү, бирок дарыланууга мүмкүн болгон оору. Өз убагында текшерилип туруу жана алдын алуу чараларын көрүү эң негизги коргонуу жолу.
Айпери Марлесова