Бул макалада конок этнопсихолог, коуч-трансформатор Мундуз Айбековна адамдын өзгөрүүгө болгон муктаждыгы жана анын жолдору тууралуу ой бөлүшөт. Адамдын жашоосунда өзгөрүү табигый көрүнүш. Бирок өзгөрүүгө муктаж болуп, бирок аны жасабаган адамдар бар.

Адам өзгөрүүгө негизинен эки жол менен келет. Биринчи жол кризис аркылуу. Эгерде адамдын аң-сезими төмөн болсо, ал өзгөрүүгө көбүнчө кризистин таасири менен мажбурланат. Себеби ар бир адамда аң-сезим менен катар көмүскө аң-сезим бар. Көп учурда бала кезиндеги кыялдар, максаттар көмүскө аң-сезимде жашыруун программа катары калып калат. Ал кыялдар сөзсүз ишке ашышы керек. Бирок адам аларга даяр болбой калганда, жашоосу кризис аркылуу өзгөрүүгө түртөт. Экинчи жол аң-сезимдүү даярдык аркылуу. Аң-сезимин көтөргөн, өзүн өнүктүрүүгө умтулган адам өзгөрүүнү өзү каалап баштайт. Бул жерде сөз академиялык билим жөнүндө эмес, адамдын ички дүйнөсүн байытуу жана өзүн таанып-билүүгө арналган билим жөнүндө. Мунун башкы булагы психология. Психологиянын булактары өтө көп жана ар ким өзүнө ылайыктуусун таап, ошол аркылуу өзүн ачат.

Өзгөрүүнүн түрткүсү ички жана сырткы себептерден келип чыгышы мүмкүн. Ички себеп менен өзгөргөндө процесс жеңил жана табигый өтөт. Ал эми сырткы себеп менен өзгөргөндө адам көп учурда адашат. Мисалы, башканы көрүп, анын жашоосун кайталоого аракет кылат, бирок бул анын өз каалоосу болбойт.
Адам өзгөрүүгө даяр эместигин жашоосундагы белгилер аркылуу түшүнө алат. Биринчи кезекте анын ден соолугунда көйгөйлөр чыга баштайт. Андан кийин үй-бүлөсү менен тил табышпай калат. Акыры жумушунда да жетекчилер же кызматташтар менен түшүнбөстүктөр пайда болот.

Көмүскө аң-сезимдин ролу бул жерде чоң. Андагы программа сөзсүз ишке ашат. Көп учурда ал программа адам уйкуга жатаар алдында же эртең менен ойгонгондо мээ таза учурда бат сиңет. Ошондуктан ошол учурларда жакшы ой, жакшы сөз менен өзүн программалоо абдан маанилүү. Эгер көмүскө аң-сезимде калып калган программа аткарылбай калса, ал кийинки муунга – балдарга өтүп кетиши мүмкүн.
Адамды өзгөртө турган эң чоң курал бул адат. Бирөөнүн сөзү же кеңеши таасир бериши мүмкүн, бирок чыныгы өзгөрүүнү адамдын өзү гана адат аркылуу жасай алат. Жаңы адатты үзгүлтүксүз кайталаса, мээдеги нейрондор ошого көнүп, жашоо автоматтык түрдө өзгөрөт. Ал эми зыяндуу адаттардан баш тартуу адамды жаңы жашоого жетелейт. Кээде адам каалап туруп да ишке ашырбай коёт. Мисалы, машина айдагысы келип, бирок аракет кылбай койсо, анын кыялы ишке ашпай кала берет. Ал эми аракет кылып көнүгүп баштаса, бул күнүмдүк адатка айланып, максат сөзсүз орундалат.
Музыканын да адамга чоң таасири бар. Мисалы, этнопсихолог Мундуз Айбековна өзүнүн терапиясында Кенжебек Алдаярдын күүлөрүн колдонот. Күүлөрдүн терең энергиясы жан дүйнөгө таасир берип, ички гармонияга жеткирүүгө жардам берет.
Өзгөргөн жана өскөн адам биринчи кезекте өзүнө салым кошот. Ал сапаттуу ойлоно баштайт, сапаттуу сүйлөйт жана сапаттуу тамактанат. Мындай адам сөзсүз түрдө үй-бүлөсүн да ушул багытка үндөйт. Ал эми сапаттуу үй-бүлөлөр улуттук генфондду чыңдайт. Демек, өзгөрүү бул жеке гана адамдын эмес, бүтүндөй коомдун өсүп-өнүгүүсүнүн булагы.
Айпери Марлесова