Жаштардын демилгеси айылда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Жаш келин Сымбат Кудайберген кызы чакан грант утуп алды. ИСУР коомдук фондунун колдоосу менен уюштурулган бул долбоор айыл тургундары үчүн чоң жаңылык болуп, сапаттуу нан жана токочторду күнүмдүк колдонууга жеткиликтүү кылды.

«Соң-Көл» медиа борбору 5жылдан бери ИСУР коомдук фонду менен биргеликте социалдык, экологиялык, экономикалык иш чараларды, долбоорлорду, жолугушууларды өткөрүп биргеликте иш алып барып келишет. 2025-жыл июнь айында ИСУР коомдук фонду Сары-Булак айыл аймагына келип, бизнес план боюнча 12 аялды окуудан өткөрүп, анын натыйжасында чакан грантка сынак жарыялаган. Сынакка жогоруда окугандардын арасынын 2 аял долбоор жазып өткөрүшкөн. Буга айыл тургуну Сымбат Кудайберген кызы «Айыл-Наны» аталышындагы өзүнүн чакан долбоорун жазып өткөргөн. Жыйынтыгында, долбоор колдоого алынып, бөлүнгөн каражаттын негизинде айылда чакан нан бышыруучу жай уюштурулуп, жергиликтүү калкка жаңы бышкан татуу токочтор жана нукура ачыткы менен бышырылган сапаттуу нан сунуштала баштады. Учурда нан бышыруучу жай айыл тургундарынын күнүмдүк керектөөсүн камсыз кылуу менен катар, жаштарга чакан ишкердиктин мүмкүнчүлүктөрүн да көрсөтүп турат.

Кудайбергено кызы Сымбат нандарды сатыкка чыгара баштады
«Төлөк айылында бизнес кылуу мал менен гана болуп калган. А бирок, малдын көптүгүнөн жайыттар талкаланып, чөп азайып, айрым жерлер таптакыр көктөбөй калууда. Жайыттын бузулушу менен чөп чыкпай калса, малга жем табуу кыйын болуп, чыгаша көбөйөт. Бул маселени айылдагы көптөр байкап турса да, көпчүлүк учурда башка альтернатива болбогондуктан, ошол эле жол менен жашоону уланта беришет. Бул абал бара-бара экологиялык чоң көйгөйгө айланып баратат. Мен болсо биснестин башка жолду тандадым – нан бышырып сатуу. Башында бул жөнөкөй иштей сезилгени менен, бирок байкашым боюнча бул жумуш жаратылышка да пайдалуу экенин түшүнө баштадым. Себеби мен мал багып жайытты колдонбойм. Ошол эле учурда өз колум менен бышырган нанымды сатып, үй-бүлөмө киреше табам»-дейт жаш ишкер Сымбат Кудайберген кызы.

Бул демилге айыл жергесинде жаштардын активдүүлүгүн арттырып, жергиликтүү коомчулуктун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошо турган маанилүү кадам болуп эсептелет.
«Нанды болсо табигый ачыткы менен бышырам.(Алмадан алынган ачыткы) Бул ден соолук үчүн да абдан пайдалуу. Анткени табигый ачыткы менен бышкан нан организмге жеңил сиңет, ашказанга оордук келтирбейт жана даамы да өзгөчө болот. Азыр мен ошол ыкманы башка адамдарга да үйрөтүүнү пландап жатам. Бул – улуттук нан бышыруу салтын сактап, ошол эле учурда ден соолукту жана жаратылышты да коргоо дегенди билдирет.»- дейт долбоордун жеңүүчүсү.

Сымбат Кудайберген кызы азыркы учурда татуу токочторду, нандын түрлөрүн буйрутма менен жасап баштаган чагы. Буюрса сатуунун жолдорун өздөштүрүп алса буларды коңшу айылдарга алып баруу да пландары бар.
Кошумчалай кетсек, ИСУР коомдук фонду тарабынан Төлөк айылда бир катар иш чаралар, окуулар, фестивалдар өткөрүлүп келет. Аны менен катар долбоордук колдоолор да көрсөтүлөт.
Бурул Майрамбек кызы