Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан “Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында 2024-жылдын июлунда башталган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Садда айылындагы №103 Садда мектебинин жаңы имаратынын курулушу толугу менен аяктады.

Жаңы курулган мектеп жер титирөөлөргө туруштук берет, электр энергиясын үнөмдөйт. Майыптыгы бар балдар үчүн дагы ыңгайлуу шарттарын түзүү менен бирге санитардык-гигиеналык шарттарын камтыйт.
Мектеп гана эмес имараттын короосу дагы көрктөндүрүлүп, видеобайкоо системалары коюлуп жана тышкы мектеп инфраструктуралары орнотулду.
Мектеп заманбап илимий методология менен тандалып алынган. Тандоо критерийлерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Дүйнөлүк банк менен биргелишип иштеп чыккан.Тандоонун негизги талаптарынын ичинен участоктун сейсмикалык тобокелдиги, имараттын аялуу даражасы жана мектептеги окуучулардын саны эске алынган.
ERIK долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунда 14 мектеп жаңыланат, алардын ичинен бүгүнкү күндө 1 мектеп пайдаланууга берилди, 4 мектепте курулуш иштери жүрүп жатат, ал эми дагы 2 мектеп тендер этабында.
Жалпысынан ERIK долбоордун алкагында Кыргызстан боюнча Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен 40 мектеп курулат жана реконструкцияланат. Тандалып алынган мектептерде санитардык-гигиеналык жагдайды жакшыртуу иш-аракети жүрүп, ички дааратканалар орнотулат.
№ 103 Садда мектеби тууралуу маалымат.
Мектептин эски имараты 1973-жылы «ашар» ыкмасы менен чоподон курулуп, бала бакчага ылайыкталган. 2006-жылы 1-класстан 4-класска чейинки балдар окуган башталгыч мектеп катары өзгөртүлгөн. 2010-жылы мектепте 5-класстан 9-класска чейин балдар окуй башташкан. Бул мектеп 100 окуучуга ылайыкталган. Бүгүнкү күнгө чейин мектепте 300дөн ашуун окуучу билим алган. Мектепте лабораториялар, спорт залы, жыйындар залы, административдик бөлмөлөр жана санитардык жайлар каралган эмес.
Жаңы мектептин аянты 1696,6 чарчы метрди түзөт, эки кабаттуу имарат 150 окуучуга ылайыкталып курулду. Ал соңку жаңыртылган жер титирөөгө туруктуу курулуш нормаларына жана эл аралык алдыңкы стандарттарга ылайык долбоорлонгон. Кең жана жарык класстар билим алуу жана чыгармачылык менен алектенүү үчүн идеалдуу шарттарды түзөт. Ар бир класска рекуператорлор орнотулуп, алар сапаттуу аба алмашуусун камсыздап, окуу процессинде ыңгайлуу микроклиматты сактап турат.
Имаратта 8 даараткана, спорт залы, концерттик зал, ашкана, китепкана, медициналык кабинет, атайын жабдылган физика жана химия кабинети бар. Ашкана балдар үчүн тамак даярдоого керектүү жабдыктар менен камсыздалган. Ички дааратканалардын жана душ кабиналарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылган заманбап саркынды сууларды тазалоочу курулмалар (септиктер) орнотулду.

Мектепте желдетүү системасы менен катар резервдик электр генератору да бар, бул электр жарыгы өчкөн учурда окуу процессин үзгүлтүксүз улантууга мүмкүнчүлүк берет. Имараттар мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын муктаждыктарына ылайыкташтырылып, пандус жана лифт орнотулду.
Айгерим Кубатбекова