Быйыл Ак-Талаа району боюнча тоют топтоого карата 2022-жылга жалпы 10372 га көп жылдык чөп аянты чабылат. Мунун ичинен 1558 га аянты табигый чөп ээлейт. Бүгүнкү күнгө биринчи чабыкта 10372 га көп жылдык чөп чабылып жыйналып алынды. Ал эми табигый чөп 1116 га чабылып бүтүп, калганы учурда чабылып жыйналууда.
Ак-Талаа райондук агрардык өнүктүрүү жана айыл чардепартаментинин башчысы Уланбек Казиевдин айтымында тоютту чаап, жыйнап алууда техникалар жетиштүү болду.
Улан Казиев райондук агрардык өнүктурүү департаментинин башчысы (оңдон үчүнчү)
“Чөптү чаап-жыйноо иштери үчүн көрсөтүлгөн акы бирдей баада эмес. Ар бир айыл өкмөттө өздөрү койгон баа менен кызмат көрсөтүп жатышат. Орточо 1400-1800 сомго чабылды, күйүүчү май белгиленген сумманын ичинде. Түшүмдүүлүк 2021-жылда 29,5 центнер болсо, быйыл 33,5 ц. айланды”,- дейт.
Учурда район боюнча жалпы табигый чөптү кошкондо дүң түшүм 35957 тн болуп, экинчи чабыкка даярдыктар көрүлүүдө.
Барчын Мамытбекова