Ак-Талаа районунда COVID-19 илдети боюнча санитардык-эпидемиологиялык абал туруктуу. Аймакта аталган илдет менен бейтап каттала элек. Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жетекчиси Азамат Дүйшөналиевдин айтканына караганда райондун аймагында азыр эч кандай кызыл, сары, жашыл зоналар жок.
Азамат Дүйшөналиев Ак-Талаа райондук ЖДБнун жетекчиси
“Башка аймактан дагы биздин райондун тургундарынан дагы катталган жарандар жок. Дарыканаларда 3 айлык дары-дарымектер, коргонуучу кийимдер жетиштүү. Учурда 30 койка бар. Күндүзгү дарылоо үчүн да койкалар даяр. Айылдардагы ФАПтар дагы кандай кырдаал болбосун даяр турушат. Биздин оорукананын жылуулук системасын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу бир аз орун которуулар болот. Бирок даярдалган койкалар кала берет”,- деди.
Эгер райондун аймагында өзгөчө кырдаал болуп, илдет катталып, аныкталса анда биз бейтапты Нарын шаарындагы 70 орундуу ооруканага жеткирүү керек болот.
Барчын Мамытбекова