Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Ковид

Акталаада COVID-19 илдети боюнча абал туруктуу

Ак-Талаа районунда COVID-19 илдети боюнча санитардык-эпидемиологиялык абал туруктуу. Аймакта аталган илдет менен бейтап каттала элек. Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жетекчиси Азамат Дүйшөналиевдин айтканына караганда райондун аймагында азыр эч кандай …

Кош бойлуу аялдарда илдет жугузуп алуу коркунучу жогору

Кош бойлуулук кезинде аялдардын кандай илдет болбосун кабылуу коркунучу жогору. Ал эми пандемия учурунда  коркунучу андан да кооптуу. Ошол себептүү кош бойлуу аялдар өздөрүн этият кармоосу зарыл. Эгер зарыл болбосо …

Студент: «Карантинден кийин көбүрөөк окуп, кошумча сабак алып жатабыз»

Студенттердин окуусуна пандемиянын кандай таасир бергени тууралуу бир катар студенттер ойлору менен бөлүшүштү.

Ача-Кайыңдыда эпидемиологиялык абал туруктуу

Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылында эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу маалыматты аталган айылдагы ФАПтын кызматкери Бурул Муталыпова билдирди.

Мугалимдер эмдөөдөн өтүп бүтүштү

Быйылкы окуу жылын 15-сентябрга жылдыруунун бирден-бир себеби дагы мугалимдердин вакцина алуусуна убакыт жана шарт түзүү болгон. Билим берүү министрлиги учурда мугалимдердин эмдөөдөн өтүп бүткөнүн кабарлашты.

«Ковид пайда болуп, сасык тумоо унутулуп калгандай»

Оттук айылында коронавирус оорусу менен катталгандар жок. Бул тууралуу ооруну алдын алуу боюнча иштерди көзөмөлдөө штабы билдирди.

Суусамыр: Тунук айылындагы эпидемиологиялык абал

Суусамыр айыл аймагынын Тунук айылында Covid-19 илдетине чалдыккан тургундар бар. Оор абалдагылары райондук ооруканага жеткирилүүдө. Жеңил түрү менен ооругандар дарыгердин көзөмөлүндө болуп, күндүз ФАПка келип дарыларын алышат.

Ача-Кайыңды айылында ковид менен ооругандар жок

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында ковид менен ооруган бейтаптар жок. Бул тууралуу маалыматты аталган айылдагы ФАПтын кызматкери Бурул Муталыпова билдирди.

Төлөк айылындагы балдардын ден- соолугу жакшы

Төлөк айылында балдар арасында Ковид-19 илдети катталган эмес. Ал эми жайкы каникулду көңүлдүү өткөрүүдө пандемия тоскоол болбойт деп эсептешет.

«Ковидке каршы эмдөөдөн өтүү боюнча көз карашым өзгөрдү»

Дүйнөнү дүңгүрөткөн Ковид-19 вирустук оорусуна каршы вакцина чыкты дегенден тартып эле социалдык тармактарда жана ватсап группалардан ар кандай терс маалыматтар таралып келет. Бул маалыматтарды көргөн адамдар Ковидке каршы вакцинаны алуу …

Карылар көбүнчө өздөрүнүн өнөкөт оорулары менен кайрылышат

Кары- картандар иммунитеттери алсыз болгондуктан COVID-19 вирусун бат жуктуруп алуу коркунучу бар. Суусамыр айылдык ооруканага көбүнчө кары адамдар өздөрүнүн өнөкөт оорулары менен кайрылышат.

Ооган-Талаа: Айылда СOVID-19 катталган жок

Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагындагы айылдарда СOVID-19 учурда катталган эмес.

Төлөк айылында Covid-19 илдетин жуктуруп алгандар каттала элек

Өлкөбүздө Covid-19 илдетин жуктуруп алгандар күн санап өсүүдө. Дарыгерлердин жардамы менен бир нечеси сакайып, үйлөрүнө аман-эсен кайтууда, анткен менен каза болгондор да бар. Ал эми Нарын облусунун Кочкор районун Төлөк …

Базар-Коргон: 27 мектепте реалдуу түрдө окуу ачылды

Базар — Коргон районунда райондук санэпидемстанциянын сунушунун негизинде райондук ыкчам штабдын чечими менен дагы 27 мектепке реалдуу шартта окутууга уруксат берилди.

Акталаада дарыгер Кубанычбек Карагуловдун мемориалдык тактасы орнотулду

Ак-Талаа районунда белгилүү дарыгер Кубанычбек Карагуловдун мемориалдык тактасы өмүрүнүн акырына чейин өзү иштеген ооруканага орнотулуп, дарыгерди эскерүү иш-чарасы болду.

Ак-Талаада сырттан келген дарыгерлер үчүн турак-жай курулат

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында сырттан келип эмгектенген дарыгерлер үчүн атайын турак-жайдын курулушу башталуу алдында  турат. КРнын Саламаттыкты сактоонун “Ардактуу кызматкери”, дарыгер Мамаш Кучкачовго таандык, менчиктештирилген оорукананын эски имараты учурда бузулуп, …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...