Ак-Талаа районундагы Баетов айылында сырттан келип эмгектенген дарыгерлер үчүн атайын турак-жайдын курулушу башталуу алдында турат. КРнын Саламаттыкты сактоонун “Ардактуу кызматкери”, дарыгер Мамаш Кучкачовго таандык, менчиктештирилген оорукананын эски имараты учурда бузулуп, турак-жай курууга даярдалууда. Ал эми имараттын жер аянтын дарыгердин үй-бүлөсү чечип берген.
Дарыгерлер үчүн турак -жай курууга берилген эски имаратты бузуу иштери
Жергиликтүү бийликтин жана саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчилиги тарабынан долбоордук сметалык документтерин даярдоо боюнча тиешелүү органдар менен иш-аракеттер көрүлө баштады.
Райондун акими Сейтек Кулубаевдин айтымында сырттан келип иштей турган дарыгерлерди турак-жай менен камсыз кылып, муктаждыктарын чечүү мезгил талабы.
С.Кулубаев Ак-Талаа райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы
“Кыргызстандагы кырдаал бизде да дарыгерлердин жетишсиздигин баса көрсөттү. Дарыгерлер келгени менен жашай турчу жери жок, көпкө турбай эле кайра кетип калышчу. Буюрса болгон аракетти жумшап, негизги көйгөйдү чечүү алдындабыз” дейт.
Учурда архитектуралык долбоору чийилип, документтери даярдалып жатат. Курууга даяр каражат жок, бирок тиешелүү тараптарга, демөөрчүлөргө кайрылуулар жиберилип жатканын акимдин орун басары Кенже Каарагулова кошумчалады.
Баетов айыл аймагы жаңы айыл чарба техникалар менен камсыздалды
Барчын Мамытбекова