КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Касмалиев Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагындагы бир катар айыл чарба багытындагы жер тилкелерин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) тууралуу токтомго кол койду. Бул аталган аймакта жашаган жүздөгөн жарандардын көптөн күткөн маселесине жол ачкан маанилүү чечим болду.

Жалпы 214,25 га жер трансформацияланат

Иллюстрациялык сүрөт
Бул чечим аймактарды өнүктүрүүгө да оң таасирин тийгизет.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова