18-май күнү Нарын шаарында облустук деңгээлдеги “Өмүрдөн кымбат Ата-Журт” аттуу интеллектуалдык сүрөт таймашы өткөрүлдү. Таймаш мекенге болгон сүйүүнү, билимди жана ынтымакты даңазалоону максат кылды.
Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучулары Нарын шаардык балдарга билим берүү борбору тарабынан уюштурулган бул сынакка активдүү катышып, өздөрүнүн терең билимин, тапкычтыгын жана мыкты даярдыгын көрсөтө алышты.

Бул жеңиш окуучулардын билимге болгон кызыгуусунун, талыкпас эмгегинин жана жоопкерчилигинин жыйынтыгы болду. Ошондой эле алардын ийгилигине салым кошкон мугалимдердин үзүрлүү эмгеги жана мектеп жамаатынын колдоосу чоң роль ойноду.
Команда мүчөлөрү:
Кубандыкова Даткайым
Маликова Динара
Искакова Раяна
Туратбекова Асенат
Ырыскулова Аяна
Жеңиш менен келген окуучуларды мектеп жамааты кубаныч менен тосуп алышты.
Даярдаган: Даткайым Кубандыкова