Ысык-Көл облусунун Түп районунда 11–16-май күндөрү “Үй-бүлөнү жана өспүрүмдөрдү зомбулуктан коргоо” жумалыгы уюштурулду. Түп райондук прокуратурасынын демилгеси жана Түп райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен уюштурулган жумалыктын алкагында Түп райондук ички иштер бөлүмүндө, райондук сотто, прокуратурада жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө “Ачык эшиктер күнү” өттү. Ага мектеп окуучулары катышып, бир катар укуктук, профилактикалык жана тарбиялык иш-чараларга күбө болушту
Мындан тышкары өспүрүмдөр арасында эркин күрөш, дзюдо жана баскетбол боюнча спорттук мелдештер уюштурулду.

Иш-чаралардын жүрүшүндө окуучулар мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын ишмердүүлүгү менен таанышып, укуктук сабаттуулукту жогорулатуу, мыйзамды урматтоо, коомдук тартипти сактоо жана коопсуз жүрүм-турум тууралуу кеңири маалымат алышты.

Ошондой эле жаштар арасында толеранттуулукту калыптандыруу, агрессиясыз баарлашуу жана бири-бирин сыйлоо маданиятын өнүктүрүүгө багытталган жолугушуулар өткөрүлүп, пайдалуу кеңештер берилди.
Жумалыктын акыркы күнү Президенттин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик, уңгу жол” жарлыгынын алкагында окуучулар тарыхый жайларга жана музейлерге барып, таанып-билүү багытындагы экскурсияларга катышышты.
Даярдаган; Муратбек Жумакадыров, Мадина Үсөнова