Насыя алып, күрөө коюп же тааныштардан карыз алып айлангөчөк ичинде жүргөн адамдар арбын. Бул саздан башкалардын жардамысыз жана кошумча карыз албай чыгуу жолдору бар. Төмөндөгү маанилүү кеңештерди алган соң, сиздин болгону бир гана карызыңыз калат. Ал коммуналдык эсептер. Албетте, анын да чыгымын кыскартса болот.
Карыздан кутулуу үчүн план түзүүдөн мурун, кантип каржылык кыйын кырдаалга кептелгениңизди аныктап алыңыз. Анткени, сиз көйгөйдүн кайдан жаралып жатканын билбесеңиз, бул кыйынчылыкка улам-улам кайрылып келе беришиңиз толук ыктымал.
Күтүлбөгөн кырдаалдан тышкары, карыздын эки негизги себеби бар:
1-себеп: Сиз жетиштүү акча таппайсыз. Албетте, эч ким көбүрөөк акчадан баш тартпайт. Бирок, эгерде сизде электр энергиясы үчүн төлөм жүгүртүү менен мезгилдүү бут кийим сатып алуунун ортосунда тандоо жасоого мажбур болсоңуз, анда кошумча киреше издөө жөнүндө ойлонууга зарылчылык бар.
2-себеп: Кирешеңизге караганда чыгашаңыз көп. Сиз айлана-чөйрөдөгү адамдарга караганда көп киреше табышыңыз мүмкүн. Бирок, баарыбир “бирине тартсам, бирине жетпейт” — деген абал менен жашап жатсаңыз, өз каалоолоруңузга анализ кылыңыз. Балким, сиз коомдук транспорт менен жүрүү ордуна, автоунааңызга көп бензин коротуп жатасыз. Же болбосо, кадимки кофе ордуна брендге айланган кофелерди ичүүнү адатка айландырдыңыз. Сиздин күнүмдүк адаттарыңыз, тааныштарыңыз менен болгон мамилеңиз – сиздин каржыңызга бир топ таасир этет. Чыгымдарыңызды жазып турууну эреже кылыңыз. Жыйынтыгында, кайсы болоор-болбос нерселерге акчаңыз короп жатканын түшүнө аласыз. Сиз карыздардын себебин аныктаган соң, көйгөйдү чечүүгө чечим кабыл алыңыз.
Эгер сиздин моюнуңузда бир эмес, бир нече карыз бар болсо, аларды приоритетке жараша бөлүштүрүңүз.
Карыздын көлөмү жана карыз берген тараптын коркутуулары мааниге ээ эмес. Сиз үчүн эң маанилүү нерсе, пайызы бар карызыңыздан (насыя, күрөө) биринчи кезекте кутулуу. Пайызы жогору болгон карыз – сизди узак мөөнөттүү чыгымга алып келет. Андыктан, андан биринчи кезекте кутулууга аракет кылыңыз. Бирок, майда-чүйдө карыздар сизге тынчтык бербей жатса, анда алардан кутулганыңыз оң.
Минималдуу сумманы банктар гана иштеп чыгышкан. Натыйжада узак убакыттык төлөмдөрдүн эсебинен сиз аларга көбүрөөк каражат бөлөсүз.
Андыктан, мүмкүнчүлүк болушунча банктагы насыялаардан эрте кутулууну ойлонуңуз.
Мисалы, банктан 100 миң сом насыя алсаңыз, банк аны сизге бир жыл, т.а 12 айга бөлүп төлөө графигин түзүп берет. Бирок, сиз 12 ай бою төгүп отурбай, эртерээк төгүп кутулуу менен банкка берүүчү пайыздык суммадан утасыз.
Айталы, сиз эки жерден насыя алгансыз жана экөөнүн тең пайыздык ченемдери бар. Экөөнү тең бирдей шартта төгүп, кутулууну максат кылып жатып, ара жолдо калуу коркунучу бар экенинин эсиңизден чыгарбаңыз. Образдуу айтканда, эки коенду мылтыктын жалгыз огу менен кубалап жатасыз.
Бай ата менен кедей ата” китебинин автору Роберт Кийосакинин ыкмасы бир канча карыздан кутулууга натыйжалуу деп эсептелет. Анын маңызы төмөнкүчө:
Ай сайын төлөнүүчү суммага өз бюджетиңизден дагы кошумча каражат кошуп төлөйсүз. Мындай кадам менен сиз биринчи карызыңызды эртерээк төлөп бүтөсүз. Карыздардын бири жабылгандан кийин, экинчисине көңүл буруңуз. Эми сиз экинчи насыянын бөлүнгөн суммасына биринчи насыядагы минималдуу төлөмдү кошуп төлөйсүз. Мында сиздин бир айлык чыгымдарыңыз өзгөрбөйт.
Ар бир айда приоритет катары кайсы карыздарды биринчи кезекте төлөшүңүз керек экендигин кагазга жазып, план түзүңүз.
Ай сайын кайсы бир карызыңыздан кутулууңуз керек. Эгер ал 100 сом болсо дагы….!
Карыздан кутулуу үчүн айлыгыңыз же кирешеңиздин капчыгыңызда калган бөлүгү эмес, жаңы гана колуңузга тийген каражат коротулуш керек. Ооба, мындай чектөө сизди бир топ бушайман кылышы мүмкүн. Бирок, карыздан кутулуу, сизге бир топ жеңилдик жана эркиндик берет.
Карыз үстүнө карыз алууну токтотуңуз. Бир карызды жабуу максатында экинчи карызды албаңыз.
Бүгүн карыз ала турсам, эртең берип коем деген ойду акылыңыздан өчүрүңүз. Бүгүн табылбаган акча эртең дагы табылбашы толук мүмкүн. Карыз алуунун эмес, киреше келтирүүнүн үстүндө ойлонуңуз.
Кимдир бирөөгө акча карыз экениңизди эске алып, ал ой менен жашап баштаңыз. Ресторанда тамактануу, кымбат баалуу буюм-тайым, кийим- кечек жөнүндө ойлонуудан оолак болуңуз. Азырынча бул кадамга баруу – эртелик кылат. Андыктан, бир нече айга акчаңызды үнөмдөп калсаңыз, ал сизге карыздардан кутулуп, калыбыңызга келүүгө жардам берет.
Жеке каржы планды кантип түзүү керек?
Үй-бүлөңүздүн тапкан кирешеси жугумдуубу?
Касиет Кубанычбек кызы