Ак-Талаа районунда кылкандуу дан эгиндеринин күзгү түшүмүн коромжусуз жыйнап алуу үчүн аракеттер көрүлө баштады. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери дан комбайндардын абалын, айылдарда техникаларга жүргүзүлүп жаткан ремонт иштери менен таанышып чыкты.
Аталган башкармалыктын жетекчиси Улан Казиевдин айтымында быйыл дан эгиндеринин түшүмү мол болушу күтүлүүдө. ”Дан эгиндери жалпы 4160 га аянтты түзсө, мунун ичинен 1800 га буудай, 2360 га арпа айдалган. Ал эми жалпы район боюнча 36 дан комбайны болсо, учурда 22си, тактап айтканда техниканын 70 пайызы оруп-жыюуга даяр”.
Мындан сырткары, кошумча дагы У.Казиев Жалал-Абад облусунан жардамга 5 дан жыйноочу комбайнын алып келүү тараптар менен сүйлөшүү жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Баетов айыл аймагы жаңы айыл чарба техникалар менен камсыздалды
Барчын Мамытбекова