Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагында кылкандуу дан эгин гектарына 24 центнерден айланды. Ал эми айыл эли эгинди Куланак айылында жайгашкан кампага сакташат.
Быйыл Ак-Талаа району боюнча 4257 гектар дан эгиндери эгилген болсо, мунун ичинен 1 803 гектар аянтына буудай, 2454 гектар аянтына арпа айдалган. Учурда дан эгиндерин оруп-жыйноо 81 % пайызга аткарылды.
Ак-Талаа районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо өнөктүгү 20-августта башталган. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Уланбек Казиевдин маалыматына караганда дыйкандардын эмгегин текке кетирбей, кышка калтырбай оруп-жыюу иштерин бүткөрүү болгон аракеттер көрүлүүдө.
Ак-Талаа районунда кылкандуу дан эгиндеринин күзгү түшүмүн коромжусуз жыйнап алуу үчүн аракеттер көрүлө баштады. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери дан комбайндардын абалын, айылдарда техникаларга жүргүзүлүп жаткан ремонт иштери менен таанышып …