Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагында кылкандуу дан эгин гектарына 24 центнерден айланды. Ал эми айыл эли эгинди Куланак айылында жайгашкан кампага сакташат.
Материалдын аудио версиясын бул жерден уга аласыз:
Бүгүнкү күндө оруп-жыюу иштери жыйынтыкталган мезгил. Нарын районуна карашту Учкун айыл аймагына караштуу Куланак айылында эгин сактоочу кампа бар. Кампанын кырманына айыл эли алган түшүмүн түшүрүп, тазалап, сапырып жыйнап, сакташат. Кырманга эгинди убагы менен кийрип алуу үчүн айылдын басымдуу бөлүгү келет. Алардын бири Амангазы Кыдыралиев быйылкы түшүмү тууралуу төмөнкүчө токтолду.
«Эгинибизди жыйнап жатабыз. Куру калгандан көрө түшүм жакшы. Жалпы элибиз кырманга эгинин эртерээк жыйнап, өздөрүнө буйруктуу болуп, элибизде тынчтык болсун. Алдыга жыла берели».
Айылдын кырманында көп жылдан бери иштеп келген Камчыбек Андашев оруп-жыюу өнөктүгүнө токтолуп, эл эгиндерин тазалап, кырманга кийире баштады дейт.
«Бизде эки кампа бар. Бирөөнө 300 тонна , бирөөнө 500 тонна батат. Бирөө үрөөндүк, бирөө азыктык кампа. 500 тонна деген менен өзүнчө бөлүп төккөндө аз эле батып калат экен. Жалпы үйүп төксө 500 тонна батат. Жылыга арпадан 200 тонна, буудайдан 50, 60 тоннадай кирип жүрөт. Биринчи сапыргыч менен сапырып, кургатып, тазалап, кампага киргизип жатышат».
Учкун айыл аймагынын жер адиси Майрамбек Бусурманкулов айылдагы оруп-жыюу боюнча төмөндөгүдөй маалыматтарды берди.
«2021 – жылы биздин Учкун айыл өкмөтүндө 2028 гектар көп жылдык чөп айдалган болчу. Арпа – 428 гектар, буудай — 259 гектар жерге айдалган. Жыл кургакчылык болгон менен биздин Учкун айыл өкмөтүндө насостук станция сууну үзгүлтүксүз чыгарып бергендиктен, айылда түшүмдүүлүк жакшы болду. Буудай 25 центнерден, арпа 24 центнерден айланды. Түшүмдү коромжусуз жыйнап алдык. учурда жыйынтыктап жатабыз. Буга чейин корук болуп турган малдарды 1- октябрь менен коё бердик».
Айзат Түмөнбаева