Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылындагы Орто-Сай жана Таканай-Сай сайларына коопсуздук үчүн таш төшөлүүдө. Бул аракет жергиликтүү элдин короолорун жана бактарын коркунучтан арылтуу максатында башталды.

Тилла-Сайга таш төшөлдү

Сапар Бойдонов
Айыл өкмөт менен «Түштүк цемент» заводунун мемарандумунда айылдын ичиндеги жакынкы сайларда таш тизүү боюнча кол коюлган. Бул туурасында Кулатов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик объектилерин куруу жана өзгөчө кырдаал боюнча башкы адис Сапарбек Бойдонов билдирди. «Түштүк цемент» заводу демөөрчүлүк кылып, акысыз таш берет, ал эми таштарды төшөө, тизүү иштери айыл өкмөттүн бюджетинен болот деп кошумчалады.
«Завод демөөрчүлүк кылып, акысыз таш берет. Быйылкы жылга 2 миң тонна таш төшөлүш керек. Орто-Сайга 322 миң сомго 1200 тонна таш тизилет. Ал эми 800 тонна таш 215 миң сомго Таканай-Сайга тизилет. Учурда жумуштун 80% бүткөрүлдү. Орто-Сай толугу менен бүттү. Ал эми Таканай-Сай 50% дан ашыгы бүткөрүлдү. Бир ай аралыгында толук бүтөт».
Кулатов айыл аймагы тоолуу болгондуктан жалпы 13 сел түшүүчү сайлар бар. Эң кооптуу сайлар Орто-Сай, Таканай-Сай жана Тилла-Сай саналат. Себеби, калктуу конушту аралап өтөт. Сайлардын жээктери сары топурак болгондуктан жыл сайын чоңоюп, элдин аймактары кичирейип барат.

Кызыл-Булак айылынын тургуну Муктарам Атабаева
Кызыл-Булак айылынын тургуну Муктарам Атабаева үй-бүлөсү менен Тилла-Сайдын боюнда жашайт. Ал сайдын бир топ кесепети тийгенин билдирип, тизилип жаткан чоң таштар темир торчолор менен бекемделсе дейт.
«Мен жаш кезимде бул сай араба өтчү чакан арык эле. Убакыт өткөн сайын жаз мезгилинде нөшөрлөп жааган жамгырлардын кесепетинен сай бара-бара чоңоюп, жерлерибизди алып, үйүбүзгө жакындап келе жатат. Эгин эккен жерибиз, тигилген бак-дарактарыбыз да агып кеткен учурлар болгон. Мына быйылкы жылы айыл өкмөт тарабынан колдоого алынып, сайдын жээктерине чоң таштар тизилип, бир кыйла коопсуз болуп калды. Ошол таштарды темир торчолор менен агып кетпей тургандай кылып койсо андан да жакшы болмок…»

Кызыл-Булак айылынын айыл башчысы Курсанали Маткаримов
Кызыл-Булак айылынын айыл башчысы Курсанали Маткаримов сайларгы таш төшөө тууралуу алдыңкы жылдардагы пландарга токтолду.
«Азыр сел урган, көчүп кетүү коркунучу бар гана жерлерге таш төшөлдү. Калган бөлүктөрүнө буйруса кийинки жылдардан аракет кылабыз. Жалпы 537 миң сомдук 2000 тонна таш төгүлүп, коопсуздук үчүн сайларга төшөлөт».
Чынара Нурманова