Нарын районуна караштуу Куланак айылында мал-жандыктардан анализ алуу иштери жүргүзүлдү. Буга себеп айыл тургундары арасынан бруцеллёз менен ооруп жаткандар катталды. Куланак айылындагы №1 Үй — бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы бруцеллёз менен ооругандар өткөн жылга салыштырмалуу 2 эсеге көп деп билдирди.
Мал багуу, сатуу жана күнүмдүк азык катары колдонуу үчүн Нарын районундагы ар бир түтүндүн короосунан мал-жандыктарын кезиктирүүгө болот. Бирок акыркы күндөрү мал-жандыктарынын азыктарынан жана каны аркылуу адамга жуккан бруцеллёз оорусу каттала баштаган.
Аты-жөнүн атагысы келбеген каарманыбыз бруцеллёз менен ооруп жатканын билген эмес.
«Жаз айларында малды жайлоого айдап барып жеткизип келгем. Андан кийин сугат иштерине чыккам. Алгач колум ооруду. Жайлоодон суук тийгизип алганмынго деп этибар алган эмесмин. Басылбай койгондон кийин анализ тапшырып бруцеллёз менен ооруп калганымды билдим. Алгач укканымда корктум. Дарыгерден кеңеш алганымда убагы менен дарылансам айыгып кетээримди түшүндүрдү. Учурда дарылануунун биринчи курсу аяктады», — дейт каарманыбыз.
Куланак айылынын дагы бир тургуну анын өспүрүм кызы бул илдетке кантип чалдыгып калгандыгына токтолду. «Буту, колум ооруп жатат десе, бою өсүп жататго деп маани берчү эмес экенмин» — дейт кийинки каарманыбыз.
«Кызымдын колу, бутунун сөөктөрү ооруп баштаганынан анализ тапшыртсам, бруцеллез болуп чыкты. Больницада 14 күн жатып дарыланды. Дарыларын убагында ичип турса, айыгат экен. 6 айда бир дарыгердин көзөмүлөнөн өтүп турмай болдук. Эмнеден жукканы билинбейт тура. Андыктан ооруну алдын-алуу үчүн үй — бүлөбүз менен анализ тапшырдык. Калганыбыздан таза чыкты».
Ал эми Куланак айылындагы №1 Үй — бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы Гүлзамира Чүкүшова быйылкы жылы бруцеллез менен оруп жаткандар тууралуу маалымат берип, ооругандар откөн жылга салыштырмалуу 2 эсеге көп экенин билдирди.
«Азыркы күндө курч кармоочу бруцеллёз оорулары күч алды. Куланак айылындагы статистикага токтолсок, 2015 – жылы 4 учур катталган. 2016 – жылы 1 адам катталса, 2017 – жылы катталган эмес. 2018 – жылы 2 адам, 2019 – жылы 3 адам, 2020 – жылы 7 адамдан брузеллёз табылган. Ал эми 2021 – жылдын 9 айында 15 адам катталууда. Бул оору азайып келе жатат деп сүйүнүп олтурсак, былтыркы жылдан бери аябай көп катталып кетти. Малдарды эмдөө жана анализ алуу, бруцеллез менен ооруп калган малды жок кылуу шарт. Андай жүргүзүзүлгөн жок окшойт. Ошон үчүн бруцеллёз оорусу аябагандай көбөйүп кетти. Оорулуу малды союп жоготууда атайын эрежелер сакталыш керек. Эгер, кандан дарт аныкталса, «жогот» дешсе деле, жоготуунун ордуна биздин эл дагы малды сатып жиберишет. Дарт — адамда табылган соң, эрте дарылоо курстарын кылса таза айыгып кетет. Бирок канда калып, таптакыр жоюлуп кетпейт экен. Бул оорунун кабылдоосу өтө коркунучтуу. Сөөктөргө залалын тийгизет. Бул бир эле сөөк оору менен коштолбой ар кандай формада ооруп жатат. Мунун кабылдоосу да абдан коркунучтуу. Эркектерди тукумсуздукка чейин алып келет».
Куут мезгилинде кочкорлорду анализден өткөрбөстөн кошуп жиберүү абдан коркунучтуу. Октябрь айынан баштап, куут мезгили келет. Эгер 1 кочкордо бруцеллёз ылаңы бар болсо, короодогу таза койдун баары жугузуп алат. Мындай жагдайда жаз мезгилинде өлү козулар туулат. Туут маалы кылдаттыкты талап кылат. Малдын бруцеллёз экени билинбейт. Андыктан, туут учурунда атайын желим өтүк, желим кол каптарды колдонуу менен алдын-алса болот. Бул оору көп убакытка чейин кыкта да өлбөй жашай берет. Ал эми бруцеллёз адамга жуккан учурда бир үй -бүлөдө бир канча адам ооруп калган учурлар дагы бар. Эң коркунучтуусу бул оору энеден жаңы төрөлгөн ымыркайга өтүп кетиши ыктымал.
Куланак айылында катталган бруцеллёз оорусу боюнча Учкун айыл өкмөтүнүн мал чарба жана ветеринардык тейлөө боюнча башкы адиси Айзада Токказиева маалымат берди. Ал 2021- жылы Учкун айыл өкмөтү боюнча бруцеллез ылаңын аныктоо үчүн 1437 баш уйдан кан алынып, 11 баш уй бруцеллез экени аныкталган деп билдирди.
«11 баш уй бруцеллез болуп чыккан. Алар жайытка чыгарылбай, актысы түзүлүп атайын ветеринардык талапка ылайык жок кылынды. Жайкысын бадада уйлардан кан алынып текшерилди. Сүт заводко тапшырылып жаткан сүттөр 97 текшерүүдөн өтүп, жыйынтыгы таза чыккан. 687 баш ургаачы торпоктор бруцеллез ылаңына каршы эмдөөдөн өткөрүлдү. 53 баш кочкордон, 35 баш жылкынын жана 15 баш иттин каны алынып, бруцеллез ыланын аныктоо үчүн текшерүүдөн өткөрүлдү. Жыйынтыгы таза. Оорудан сактануу үчүн куут маалында санитардык эрежелерди сактоо керек. Койго таза кочкор кошуу керектигин айтып, айыл элдерине түшүндүрүү иштери байма — бай жүргүзүлүп жаткан кези», — дейт ветеринардык кызматкер.
Айзат Түмөнбаева