Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы орто мектебинин жер төлөөсү капиталдык ремонттон өткөрүлгөнү тууралуу кабарлаганбыз. Бул жерде атайын грек рим күрөшү боюнча машыгуучу зал, кол эмгек, фитнес англис тили жана окуу залдары колдонууга берилген.
Грек рим күрөшүнө катышып, көптөгөн ийгиликтерди жаратып келген Жумагулова Адеминин кубанычында чек жок. Себеби, Айсулуу Тыныбекованы кумир туткан жаш спортчу үчүн машыгуучу зал көптөгөн ийгиликтерди жаратат деп ишенет.
Жумагулова Адеми машыгуучу залдын ачылышына абдан кубанып турат.
«Мектептин каралбай калган жер төлөөсү бар болчу. Бул жерди Тынчтык корпусу тарабынан келген ыктыярчы Джени долбоор жазып керектүү материалдарын алып берди, жумушун өз алдынча жасап алдык. Спорт зал маселесин 12 жылдан бери күттүк. Ар кайсы жерде машыгып жүрдүк. Аябай сүйүнүп жатам. Биздин балдарда жаркыраган залда машыгып, жуунуп таза машыкса экен деген кыялдарым бар эле. Буюрса ошол орундалып жатат».
Коңшу айылдарга чейин балдарды алып барып жүргөн машыктыруучу Назарбек агайдын жана ийримге катышкан окуучулардын кубанычтарында чек жок. Машыктыруучу гана зал бүтпөстөн англис тили, окуу залы, тигүүчү залы, фитнес залы жана жуунуп тазалануу үчүн да шарттар түзүлүп жаткан мезгил.
Даткайым Орозакунова