16-октябрь күнү Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесине арналган иш-чарада өзүнүн кошкон салымы үчүн жана райондогу таасирдүү эмгеги сиңген ардагерлерге Кочкор райондук мамлекеттик администрациянын атынан грамоталар жана медалдар тапшырылды.
Жалпы Кочкор районунун айыл өкмөттөрүнүн, мекеме-ишканалардын жана башка мекемелердин кызматкерлерин «Ормон Хан Ниязбек уулу 230 жылдык» юбилейлик медалын 198 адамга тапшырылды, андан тышкары «Кочкор районунун ардактуу атуулу» наамдары берилди.
Салтанаттуу иш-чараны Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Эрмекбай Омошев ыраазычылык билдирип куттуктоо сөзү менен ачып берди.
Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылынын тургуну Асхатбек Абсаматов бүгүнкү иш-чара боюнча кийинки сөз айтты:
«Кочкор ветеренардык лабораториясынын начальниги болуп 5 жыл эмгектенгем, жакында эле башка кызматка которулгам, бирок эмгегимди райондук мамлекеттик администрация баалап бүгүн «Кочкор районунун ардактуу атуулу» жана «Ормон Хан Ниязбек уулу 230 жылдык» юбилейлик медалы менен сыйландым. Аябагандай мен үчүн толкундануу, кубанычтуу болуп турат. Кочкор жергесинде иштеген ишим, убактым текке кетпегени билинип турат. Элдин назарына илинип, 6 жыл эмгегимдин жыйынтыгы деп эсептейм. Мен үчүн бул чоң мотивация, район, эл үчүн жакшы иштерди кылганга даярмын».
Ал эми Кочкор районунун Жаңы-Жол айылынын тургуну, юбилейлик медалдын ээси Токтобүбү Абдырахманова өзүнүн кубанычы менен бөлүшүп кетти.
«40 жыл Кочкор райондук ооруканасында эмгектенгем, азыр ардактуу эс алуудамын. Бирок эс алып жатпай Кочкор районундагы «Шаттык шайыр апалар» фольклордук топтун жетекчиси болом. Кубанычым чексиз, анткени Ормон хандын 230 жылдык мааракесине чоң салымыбызды, кызматыбызды көрсөттүк десем жаңылышпайм».
Сыйлоо аземинен кийин сыйлык ээлерине майрамдык концерт тартууланды.
Канайым Мирланова, Адеми Темирбекова