16-октябрь күнү Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесине арналган иш-чарада өзүнүн кошкон салымы үчүн жана райондогу таасирдүү эмгеги сиңген ардагерлерге Кочкор райондук мамлекеттик администрациянын атынан грамоталар жана медалдар тапшырылды.
2-октябрда кыргыздын сары- багыш уруусунан чыккан түндүк кыргыздардын ханы, Ормон Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракеси республикалык деңгээлде Кочкор районунда белгиленди. Ага мамлекет жетекчилери, депутаттар ошондой эле кол өнөрчүлөр жана өнөрпоздор …
Кочкор айылында 2-сентябрь 2023 жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык жана дене тарбиясы жөнүндө» жана «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыктарына ылайык мамлекеттик, саясий жана аскер ишмери Ормон хандын 230 жылдыгы өтүп …
Ормон Хандын 230 жылдыгына карата Кочкор районундагы стадионду оңдоп түзөө иштери башталды. Учурда баардык мекемелер ишембиликке чыгып, «Ормон Хан» атындагы сейил бакты көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.
Кочкор айылында Ормон хандын 230 жылдыгына арналган 5 км чуркоо марафону өттү. Иш-чарага Нарын, Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарынан, Хорватия, Франция, Өзбекстан мамлекеттеринен жалпы 252 чуркоочу катышты.
1-апрелде Кочкор райондук администрациясынын башчысы-аким Э.Омошевдин демилгеси менен «Бир жетекчиден 1 көчөт» акциясы уюштурулду. Ага райондогу айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилери, мектеп директорлору жана бала бакча башчылары катышышты. Алар өз …
9-февралда Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинде тарыхый инсан Ормон хандын 230 жылдыгы белгиленди. Иш-чараны аталган мектептин тарых сабагынын мугалимдери Билим берүү министрлигинин буйругунун негизинде уюштурган.
Кочкор райондук музыкалык драм театрынын артисттери Төлөк элине Ормон Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесинин алкагында Ормон Ниязбек уулунун өмүрү жана басып өткөн жолун спектакль кылып тартуулашты.
Кочкор райондук маданият үйүндө Ормон хан Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесинин алкагында маданият бөлүмү тарабынан иштелип чыккан Ормон хандын өмүрү жана басып өткөн жолу жөнүндө спектакль Кочкор айылынын тургундарына тартууланды.
Быйыл Ормон хандын 230 жылдыгы белгиленнет. Бул боюнча КРнын Өкмөтүнүн атайын тескемеси чыккан жана бул мааракени өткөрүү боюнча иш-чаралардан мерчеми түзүлгөн.