Кочкор айылында 2-сентябрь 2023 жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык жана дене тарбиясы жөнүндө» жана «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыктарына ылайык мамлекеттик, саясий жана аскер ишмери Ормон хандын 230 жылдыгы өтүп жатат.
Салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка расмий өкүлдөрдүн катышуусу менен Семиз-Бель айылында Ормон хандын эстелигинин ачылышы менен башталды.
Маданий бөлүк Кочкор айылындагы «М. Садыков» атындагы стадионунда «Ордо» аттуу сахналаштырган үзүндү көрсөтүлдү.
Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдыгына карата «Өнөр-Мурас» республикалык кароо-сынак уюштурулду.
Анда «Улуттук салттуу ырлар», «Дастанчылык өнөр», «Улуттук музыкалык аспаптар» жана «Эң мыкты боз үй» сынактары өттү, ага 7 облустун жана Бишкек шаарынан келген коноктор катышышты.
Андан сырткары баардык облустарынын кол өнөрчүлөрү өздөрүнүн кол эмгектеринин көргөзмөсүнө катышышты.
Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунан келген Байазкан Көчөрбаева жагымдуу маанайы менен бөлүштү.
«Мен өмүр бою кол өнөрчүлүгү менен иштеп келе жатам. Ормон хандын 230 жылдыгы абдан сонун маанайда өтүүдө. Кочкор элине чоң ыраазычылык билдиргим келет меймандостугуна, кенен пейилине жана бизди жакшы тосуп алгандарына. Ушундай иш-чаралар көп уюштурулуп турса элдин арасында достугубуз, ынтымактыгыбыз, адамгерчилигибиз артып турат деп ойлойм. Кыргыз элиме кең келечек, ынтымак жана Кыргызстан өлкөбүз алдыга кете берсин» деп калоо тилегин айтып кетти.
Ал эми спорттук бөлүк Кочкор районундагы Орто-Токой аймагында «Кунан чабыш», «Жорго салыш», «Аламан ат чабыш» оюндары менен коштолду.
Андан соң Кочкор айылындагы «Ормон Хан» сейил багынын ачылышы чоң концерттик программа менен жыйынтыкталды.
Канайым Мирланова, Мадина Жокенова, Асема Молдошева