Ормон Хандын 230 жылдыгына карата Кочкор районундагы стадионду оңдоп түзөө иштери башталды. Учурда баардык мекемелер ишембиликке чыгып, «Ормон Хан» атындагы сейил бакты көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.
Балдар, өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Жаныбек Имангазиевдин айтуусунда 2-октябрда Республикалык деңгээлде Ормон Хандын 230 жылдыгына карата чоң иш чара уюштурулуп жатат.
«Даярдыктар бүтүп калды. Стадионду кайрадан жаңылап, ремонттон өткөрдүк. Отургучтар сырдалды, асфальт төшөлгөнү жатат. Буюрса жакшы чоң маараке болот деп ишенип жатабыз».
Айгерим Болот кызы.