Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 23-сентябрь тил күнүнүн 34-жылдыгына карата атайын салтанаттуу линейка болду.

Окуучулар линейка учурунда
Тарбия иштеринин уюштуруучусу Адил Жумалы уулу бүгүнкү иш-чара боюнча төмөнкүлөргө токтоло кетти: «Бүгүн Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө 34-жыл болгондугун майрамдоо иретинде атайын иш-чара болуп өттү. Ал мыкты деңгээлде болду. Себеби, мамлекеттик тил күнүнө карата 5-8 класска чейин дубал конкурсу, 9-10-11 класстар аралыгында көркөм окуу, тил жөнүндө докладдар, ырлар менен коштолду. 23-сентябрь мамлекеттик тил күнү биздин мектепте жылда белгиленип келет. Окуучуларыбыз жогорку деңгээлде катышып, тил жөнүндө маалыматтарды ала алышты.

Мамлекеттик тил жөнүндө ырлар ырдалып, доклад окулду.
Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Назгүл Ишенбаева: «23-сентябрь Кыргыз Мамлекеттик тил күнү, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз тили «Мамлекеттик тил» деген статуска ээ болгон. Ошондон бери бул күн өлкөбүздө тил майрамы катары белгиленип келет.
Ар бир улуттун өзүнүн ыйык өзгөчөлүктөрү болот. Алардын эң башкысы бул-тили. Бүгүн тилин жоготкон эл, эртең элдүүлүгүн жоготот. Элдүүлүгүн жоготкон элде эч качан мамлекеттүүлүк деген түшүнүк болбойт. Андыктан тилибизди көздүн карегиндей сактап, өз эне тилибизде гана сүйлөйлү»- деген пикири менен бөлүштү.
Тил күнүнө карата уюштурулган сынакта жеңүчүүлөр грамоталар менен сыйланышты.
Асема Сүйүндүкова