Жаа тартуу – кыргыз элинин байыркы өнөрлөрүнүн бири. Бул өнөр чоң спортто “Жаа атуу” түрү катары дүйнөгө кеңири белгилүү болуп баратат. Бул өнөр көз болжол менен өлчөй билүүгө, бутаны түз мээлөөгө, шамдагайлыкка көндүрөт жана өтө зор чеберчиликти, кайраттуулукту, күчтүүлүктү талап кылат. Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылынын тургуну Гүлмира Аянова дал ушул жаа тартуу өнөрү менен сынактарга катышып, дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүн кыдырууга жетишкен. Таятам тайган кармап, бүркүт таптаган киши эле деген жаачы айым бул өнөргө кантип кызыгып калганын айтты:
“Көчмөндөр оюнунда жаа тартып, бүркүт салып жатканын көрүп, кызыгуум артты. Ошондо экинчи көчмөндөр оюнуна мен да катышам деп өзүмө сөз бердим. Дароо эле жаа сатып алып, үйрөнө баштадым. Салбуурунчулар менен тааныштым. Көчмөндөр оюнундагы тандоодо ат үстүндө жаа тартууга туш келдим. Бирок ал кезде жаа тартуу өнөрү жаңы башталып келаткандыктан, бизде аябай деле укмуш даярдык жок болчу. Байгелүү орунга ээ болгон жокпуз. Бирок ошол күндөн баштап жаага байландым”
Кыргыздын улуттук өнөрү катары даңазаланып, акыркы учурларда кеңири жайылып келаткан бул өнөрго толук кандуу берилип, убактысын, каражатын, өмүрүн арноо үчүн үй-бүлөдөн, жакындарынан колдоо болуусу маанилүү. Болбосо аракет текке кетүүсү, кыялдар орундалбай калуусу толук мүмкүн.
Жаачы айымдын жолдошу Жаркынбек Керимов алгач жубайынын жаа тартам деген максатын укканда колдогон эмес.
“Биринчи укканда кулагыма өөн учураган. Бир күнү көлгө барып, ошол жерден мен да кызыгып, макул болдум. Жаа сатып бердим. Чет жерлерге чыгып келишти Алдыга койгон максатка жетүүгө каалоо жана аракет болгон менен айлана-чөйрөң аны кабыл албаган учур көп кездешет. Анткени “кыргызчылык” деген көз караш бар. Гүлмира айымдын алдында дагы ушундай жагдай жаралган.
Барчын Мамытбекова