Нарын облусунун Төлөк айылында 23-сентябрь – Кыргыз тили күнүнө арналган чакан концерттик иш-чара өткөрүлдү. Бул күндү белгилөө максатында окуучулар өздөрүнүн таланттарын тартуулап, кыргыз тилинин улуулугун жана жашообуздагы ордун дагы бир жолу даңазалашты.
Иш-чарада окуучулар ыр-бийлерди аткарып, көркөм окууларды тартуулашты. Айрымдары сахналашкан чакан көрүнүштөрдү даярдап чыгышып, элибиздин тарыхы менен тилдин ыйык маанисин көрсөтүштү.

Кыздар улуттук кийимдерди кийип бийлешкен болсо, уулдар улуттук баш кийим – калпак менен чыгышты.

Бул иш-чара аркылуу окуучулар мамлекеттик тилге болгон сый-урматын билдирип, «Ар бир тил өз элине улуу» деген маанилүү ураанды дагы бир жолу эске салышты.

23-сентябрь – бул жөн гана майрам эмес, бул күн кыргыз тилин ардактоо жана урпактарга таалим берүү күнү болуп калды.

Даярдаган: Ишенбекова Адеми