Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде таза жана саркынды суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүрүп жатат. Көп жылдан бери эскилиги жеткен суу түтүктөрү жарактан чыгып, окуу корпусуна жана өндүрүштүк практикалык сабактарды өтүүчү чеберканаларда суу чыкпай калган. Ал эми саркынды суулар кетүүчү түтүктөрү толуп калгандыктан, дааратканалар иштебей турган. Учурда окуу корпусунда суу түтүктөрүн жаңылоо иштери башталды.
Бул тууралуу кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев кененирээк токтолду.
«Учурда окуу жайдын суу түтүктөрү оңдолууда. Бул иштерди аткарууну өзүбүз колго алдык. Себеби, күн сууктап кетсе оңдоп түзөө иштери кыйындап кетет. Азырынча күн жылуу кезде казыла турган жерлерди тезирек бүтүрүшүбүз керек. Лицейде ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар да окушат. Өзгөчө ошол окуучулар үчүн дааратканаларды иштетип, кол жууганга жылуу сууларды чыгарып жакшы шарттарды түзүп берүүбүз зарыл. Аткарыла турган көп иштер бар, бирок эң биринчи ушул ишти бүтүрүүгө шашылуудабыз».
Жаңы-Жер айылында жайгашкан Б.С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицей 1979-жылы курулган. Учурда лицейде өлкөбүздун жети дубанынан келип окуган окуучулар жыл сайын көбөйүүдө. Окуу жайда окуучуларга 3 маал ысык тамак берилип, баардык шарттары каралган жатакана менен камсыздайт.
Турсун Омуралиева