Нарын облусунун Кочкор районунун Ара-Көл айылындагы көптөн күткөн курулуштагы мектеп 2023-жылы соңуна чыкты. Ара-Көл айылынын тургуну Ырсалиев Рахатбек жаңы салынган мектепке демөөрчү болуп проекторлорду орнотуп берди.
Окуучулардын окууга болгон кызыгуусу көтөрүү максатында ар бир класс үчүн проекторлор берилди. Проекторлордун жардамы менен көптөгөн иш чараларды өткөрүү көздөлүүдө. Проекторлор окуучулардын окууга болгон кызыгуусун жана сапатын жогорулатат. «Азырынча проекторлор толук кандуу колдонула элек, проекторлор менен көптөгөн иш чараларды өткөрүүнү көздөп жатабыз» — деп билдирди мектеп мугалими Чыңгыз Абылабек уулу.

Мугалимдер проектерлердин келгенине абдан ыраазы. Алардын айтымында сабак учурунда проектор менен иштөө эң жакшы жана түшүнүктүү. Көрсөтмө куралдар жок учурда эң чоң пайда. Даярдалган материалдарды сабак учурунда жеткиликтүү берсе болот.

«Учурдагы замандын окуучуларына китеп бетинен окугандан көрө заманбап булактардан маалымат алган жеңилирээк»-дейт Ара-Көл орто мектебинин окуучусу Нуртилек Айтбеков.
көздөшүүдө. Проекторлор билим берүү процессин бир топ жеңилдетти. Мүмкүнчүлүктөр жогорулап, окуу деңгээли көтөрүлүүдө. Ар кандай видео сабактар окуучуларга кызыктуу да, түшүнүктүү да болуп, окуу сезимин ойготууда. Проекторлор мугалимдин көзөмөлүндө, окуу үчүн гана колдонулууда.
Авас Токтомбеков.