Кочкор айылында Ормон хандын 230 жылдыгына арналган 5 км чуркоо марафону өттү. Иш-чарага Нарын, Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарынан, Хорватия, Франция, Өзбекстан мамлекеттеринен жалпы 252 чуркоочу катышты.
Марафондо майыптыгы бар адамдар катышып байгелүү орундарга ээ болушту
18-июнь күнү Кочкор районунун Тендик айылынын башынан Кочкор райондук Маданият үйүнүн алдына чейин чуркоо марафонуна 200дөн ашык адам катышышты. Иш-чаранын негизги уюштуруучусу «Демилгелүү жаштар» Коомдук Фондунун жетекчиси Салтанат Бараканова кийинки маалымат менен бөлүштү.
«Демилгелүү Жаштар» КФ жетекчиси Салтанат Бараканова
Бүгүнкү иш-чара Кочкор районунда эң алгачкы болуп жатат, уюштуруучулар бул «Демилгелүү Жаштар» Коомдук Фонду, Кочкор райондук Аялдар Кеңеши, «Кочкор Биримдиги» Коомдук Фонду негизги демөөрчүбүз » Таза Мекеним» ишканасы жана жеке ишкер Нурбек уулу Ормон. Бул иш-чара Ормон хандын 230 жылдыгына жана элеттеги айымдар күнүнө арналган. Катышуучулар 5 категорияга бөлүнгөн жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга катышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.Байге фонду 210000 түздү.
Бишкек шаарынан келген Султанбек Шакиров
Марафонго атайын катышууга Бишкек шаарынан келген 39 жаштагы Султанбек Шакиров бүгүнкү иш-чара жөнүндө ой бөлүшүп кетти.
Бишкек шаарында финансы тармагында эмгектенем, Кочкор районунда өтүлүчү марафонго өзүмдү сынап көрөйүн деп уулум менен келгем.
Кочкор айылынан Кожалиевдердин үй-бүлөсү
Кочкор айылынын тургуну Талант Кожоналиев өзүнүн үй-бүлөсү менен марафонго кашышууга келишип, маанайы менен бөлүшүп беришти.
Бүгүнкү марафонго келинчегим жана уулум менен катышып көрөлү деп келдик. Маанайыбыз сонун, жеңишке чоң үмүтүбүз бар. Ушундай спорт иш-чаралар көп өтүп турса абдан сонун болмок. Кочкордо чуркоо марафон эң алгачкы өтүп жатат, уюштуруу эң мыкты, баардык катышуучуларга ийгилик каалап кетет элек.
Бакыт Момуналиев Бишкек шаарынын тургуну
Чуркоо марафондо эркектер арасында биринчи келген марафончулардын бири Бишкек шаарынын тургуну Бакыт Момуналиев өзүнүн сезимдери менен бөлүштү.
Атайын Кочкор районунда чуркоо марафонуна катышууга келгем, өзүм дайыма чуркап, машыгып жүрөм, ар кандай аралыктагы чуркоо марафондорго катышам.Чуркоо жеңил болгон жок анткени күн ысык болду, аралык 5 км болгондуктан 27 минутада чуркап келдим.
Нарын шаарынан Назира Бабаева
Кийинки марафончу Назира Бабаева Нарын шаарынын тургуну аялдар арасында биринчи келген айым.
Бүгүнкү иш-чара жакшы болду, баардык ньюанстар каралыптыр. марафонго көп катышуучулар келгени кубандырды, өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелгендер катышып жатканы. Жол боюнда суу таратып жатканы эң туура болду дейм.
Сыйлоо аземи учуру
Жыйынтыгында жеңүүчүлөрдү Кочкор райондук Маданият үйүнүн алдында чакан концерттик программадан кийин сыйлоо аземи өткөрүлдү.
1-орунга 10 миң сом, 2- орун 5 миң сом, 3- орун 3 миң сом, 4-орунга 2 миң сом, 5-орунга 1 миң сом.
Канайым Мирланова