Кочкор районунда республикалык чуркоо марафону болуп өттү. Марафонго Төлөк айылынын тургуну катышып, ийгилик жаратып келди.
Ормон хандын 230 жылдыгына арналган Кочкор районунун чуркоо боюнча ачык биринчилиги жыйынтыкталды. Марафондун жыйынтыгында жеңүүчүлөргө 10 категорияга бөлүнүп, акчалай сыйлыктар жана медалдар тапшырылды.
Жарышка чет өлкөлүк өкүлдөр дагы катышып, бул спорттук иш чаранын кадыр баркын көтөрө алды. Марафонго өлкөнүн Бишкек, Нарын, Балыкчы шаарларынан, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынан катышуучулар келишти. Аны менен катар бул марафонго Төлөк айылынын тургуну Гулнара Замир кызы катышып 2-орунга ээ болду. Марафонго катышкандар жаш өзгөчөлүгүнө жараша категорияларга бөлүнүшкөн. Жалпы 270тен ашык адам катышып, алар 9 км жерди басып өтүшкөн. Бул аралыкты Гүлнара Замир кызы 39мүнөт 38 секунда басып өткөн.

Гүлнара Замир кызы
Ошондой эле марафонду уюштуруу иштерине «Кочкор Биримдиги» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, «Демилгелүү жаштар Кочкор» коомдук фондунун ыктыярчылары алып барса, «Таза Мекеним» ЖЧКсы тарабынан 210000 сом байге фонду каржыланды.
Ал эми 2-орунду багындырган Гүлнара Замир кызы 5000сом байгеге ээ болду.


Бурул Майрамбек кызы